Коом

Быйыл мектеп окуучулары бирдиктүү форма кийишпейт

Быйылкы окуу жылында окуучуларга бирдиктүү форма кийүү талабы коюлбайт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров билдирди.

«Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу бардык билим берүү уюмдарында окуучулардын бирдиктүү мектеп формаларын талап кылбоо чечими кабыл алынды. Тиешелүү буйрукка кол коюлуп, региондорго жөнөтүлдү», — деди Өмүров.

Бул жылы мектептерде окутуу онлайн жүргүзүлөт. Бирок 1-класска бара турчу балдарды мектепте окутуу маселеси ушул айдын ичинде толук чечилээри айтылууда.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button