Кылмыш-кырсык
№1 абактын медициналык-санитардык бөлүмүнүн башчысы баңгизат менен кармалды
№1 абактын медициналык-санитардык бөлүмүнүн башчысы баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кызматкер бүгүн, 7-август күнү саат 09:50 чамасында кармалган. №1 абактын көзөмөл өткөрүү пунктунда мекеменин медициналык-санитардык бөлүмүнүн башчысы Т.З. аттуу кызматкери кармалды. Аны текшерип-кароо жүргүзүү учурунда анын колундагы эки даана баштыктын ичинен өзгөчө жыты бар, жашыл түстөгү, салмагы болжол менен 2 килограмм 975грамм баңги зат табылган.
Азыркы учурда аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, ЖАМКнын тергөө кызматы тарабынан тергөө иштери жүргүзүлүүдө.