Учурда социалдык тармакта “Кечиримдүү бололу” деген ыр тарап, көпчүлүктүн  кызуу талкуусуна алынууда. Ырды аткарган, шайыр жана ак көңүл талантуу ырчы Салтанат Жумакадыр кызын кепке тартык.

Саламатсызбы Салтанат. Учурда аткарып жаткан ырыңыз тууралуу айтып берсеңиз? Бул ыр пандемия учурунда жаралып клип да тартылган экен…

-Саламатсыздарбы…

Бул ырды Данияр Эрматов «Адам бойдон калгын сакталып» деп ырдап жүрөт. Андан тышкары Казакстандын жаш ырчысы Нурмухаммед Жакып дагы кечиримдүү бололу деп ырдап жүргөн. Мен ошол “Кечиримдүү бололу” деген версиясын кавер форматта ырдап көрөйүн деп, Казактардан, Даниярдан да уруксат сурадым, эки жак тең каршы болушкан жок. Сөзүн Бердибек Жамгырчиев деген таланттуу акыныбыз которуп берди. Чынгыз Турдубеков досум аранжировка жаатында чоң жардамын көрсөтүп, андан тышкары кавер клибиме да гитара ойноп катышып берди. Учурдан пайдаланып рахмат айткым келет.

Чынында пандемия жүрүп жатканда, кыйналган ооруган адамдарга боорум ачыды. Кудайдан кечирим сурап, эртерээк элдер айыгып кетүүсүн сурандым. Бир чети ушул нерсе да мага тынчтык бербеди. Күнөөнү кимдер гана кетирбейт. Адамзат болуп көрбөгөндөй өзгөрдү. Көп нерсени элес албай калдык. Жакындарыбызды капа кылгандар, алдап кетткендер болуп жатат. Бул вирус көптөрдү эсине келтирди десек болчудай.

Буга чейинки чыгармаларыңызды да угуп калчубуз, радиодо иштеп калдыңыз, кино тасмаларга үн коштоп калчусуз негизги кесибиңиз  тууралуу айтсаңыз?

 Буга чейин “Өмүр кечи”, “Суранам”, “Кечирбейм” деген ырларым бар болчу. Мен Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайда эстрадалык вокалдан Жамиля Муратова эжебизден сабак алгам. Минюра Рахимжанова, Каныкейлер менен группалаш болдум. Бирок ал окуу жайды толук бүтүрбөй, БГУ да журналистика факультетин аяктап, диплом алгам.

“Манас жаңырыгы”, “Алмаз”, “Санжыра” радиолорунда алып баруучу болуп иштеп жүрдүм. Ошол радиодон Айнаш Аширова эжебиз менен таанышып калып, үнүң туура келет экен деп КТРК га үн коштоого чакырып калды, көптөгөн мультфильм, кинолорго үн коштодум. Мисалы азыр Жашоо сүртүмдөрү аябай популярдуу болуп турган кези. Учурда мени баары Дуру деп атап калышты (күлүп).

Негизи ырчы болбой эле коёюн дегем, ырчылар менсиз да толтура го.  Бирок жан дүйнө музыка деп такыр тынчтык бербей койду. Буюрса алдыда көптөгөн жакшы ырлар ырдалат деген үмүттөмүн.

Үн коштоонун, радиодо сүйлөөнүн, ырдоонун бири-биринен кандай өзгөчөлүгү бар?

Үчөө такыр үч башка. Айырмасы чоң. Өзүң билип, көрүп, таанышып анан ылайык келсе аласың негизи. А образга кирип, кээде ыйлап сүйлөө да бул жөндөмгө же актёрчулук чеберчиликпи балким… Анткени наушник кийип, микрофонго отурган соң, эмоциялар бат эле өзгөрүп кетет.

Мисалы үн коштогондо үндү кадимкидей өзгөртүп да туруу керек, эмоцияларга жараша. Ал эми ырдаганда көөдөндөн чыгат. Радиодо сүйлөгөн болсо, эми бул кадимки эле эркин, бир адам менен баарлашып жаткан сыяктуу.

Сизди дайыма шайыр жүргөнүңүздү көрөбүз, капа болгон учурларда кандай ыкма колдоносуз?

Көңүлүмө жаккан адамды эч качан таарынтпайм, эгерде жүрөгүмдү оорутса, эч качан сүйлөшпөй коюшум ыктымал. Негизи характерим боюнча өтө эле шайыр анан тамашакөй, ак көңүл адаммын. Колумдан эмне келсе, тең бөлүшкөндү жакшы көрөм, муктаж адамдарга көп жардам бергим келет.

Бирок ошол ак көңүл боорукер сапатымдын запкысын да көп жедим.

Балалыкка кайрылсак, кандай кыз элеңиз?

Балалыгым Балыкчы шаарында өттү. Бала кезде өтө шок кыз элем. Кичинекей кезимде апамдын чөнтөгүнөн 50 сом уурдап кеткеним эсимде. Ал кезде 50 сом чоң эле акча болчу да. Апам акчасын  таппай калып, мектепке келип, класстан мени чакырып алды да, чөнтөгүмдү аңтарып ошол акчаны таап алып аябай урушкан. Мен болсо, атам ала бер деген деп атамды күнөөлөп койгом.  Эми көбүрөөк пирожки жеп, досторума да мактанып алып берейин дегем да.

Салтанат маегиңизге чоң рахмат. Чыгармачылык бийиктиктерди багантыңыз. Алдыда жакшы чыгармаларды күтүп калабыз…

Сиздерге да чоң рахмат! Кызыктуу суроо, кызыктуу маек болду.

Клипти толугу менен бул жактан көрүңүз.