Коом

Ак-Талаада милициянын майору Ашырбаев Мирланды ардактуу эс алууга узатышты

2020-жылдын 10-авгувст күнү Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмүндө өздүк курамдын алдында Ак-Талаа РИИБнүн Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын ага ыкчам өкүлү, милициянын майору Ашырбаев Мирлан Шариповичти салтанаттуу түрдө ардактуу эс алууга узатышты.

Мирлан Ашырбаев 2005-жылы Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясын ийгиликтүү бүтүрүп, 2005-жылдан 2008-жылга чейин ИИМнин Ички аскерлеринде кызмат өтөгөн. 2009-жылдан 2016-жылга чейин Нарын ОИИБнын Ак-Талаа РИИБде ыкчам иликтөө бөлүмүн жетектеп келген, андан кийин Ак-Талаа РИИБнүн начальнигинин орун басары болуп 2019-жылга чейин кызматын өтөгөн. 2019-жылдан 2020-жылга чейин Ак-Талаа РИИБнүн Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын ага ыкчам өкүлү болуп иштеп, кызмат өтөөдө жаш курагынын чегине жеткендигине байланыштуу ардактуу эс алууга кеткен. Ички иштер органдарында кызмат өтөө учурунда жетишкен ийгиликтери үчүн ИИМдин түзүмдүк медалдарын, Нарын ОИИБнын, Нарын областынын, Ак-Талаа райондук администрациясынын, Ак-Талаа РИИБнүн сыйлыктарына ээ болгон. Азыркы убакта милициянын майору Мирлан Ашырбаев 4 баланы тарбиялап өстүрүүдө.

Нарын ОИИБдин Басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button