Ырчы жубайлар Нурлан Насип менен Асель Кадырбекова жаңы клип тартышты. Буга чейин Асел Кадырбекова унаа кырсыгына учурап, клип эл алдына чыкпай жаткан. Учурда жубайлардын аткаруусундагы ыр клиби менен даяр болуп,жакынкы күндөрү коомчулука жарыяланат. Бул тууралуу ырчылар менен көп жылдан бери иштешип келген Канат Кадыржан билдирди.

«Чыгармачылыкта ыр жазуу жана клип тартуу оңой сезилет. Бирок,бир аз болсо дагы жаңылык кошуп койсо аздык кылбайт. Абдан көп талдап, тандап ырлар клиптер жаралат. Бул ырлардын жаралышына бери дегенде 1,5 жылдай убакыт кетти. Убакыт сааты келди окшойт, жакынкы күндөрү сиздердин назарыңыздарга тартууланат. Сиздерден сурагым келет. Алгач, Нурландынбы же Аселдин эмгегин жарыя кылалыкбы?»,-деди Канат Кадыржан.

https://www.instagram.com/p/CEAD-UNAhTH/?igshid=yru194wtdw22