Ак таңдай акын Аалы Туткучев кыргыздын асыл, маданиятка салымын кошуп келе жаткан элге белгилүү инсандарды көзү тирүү кезинде баалап, сыйлап жүрүүгө үндөп келет. Бул жолу саркашка акын Амантай Кутманалиев тууралуу жылуу пикири менен бөлүштү

«Төрт аягы төп жорго болгон үчүн САРКАШКА деп аталган. Көркөм сөз, кеңири ой чабыт, артисттик чеберчилик, таман асты сөз тапкычтык бары бул кишиде бар. Отуруштардын көркүн ачып чоң айтышка чыкканда сүрдөйт. Аны СССРдин кысымынын таасири деп ойлойм. Анда да өнөрдү таштап салбай улуу муун менен кичүү муунду байланыштырган алтын көпүрө. Акындарга алымсынбай сахнадан премьер министр Чудинов менен айтышып, алты ай сүргүндө жүргөн 😊. Кээде какшыктап сүйлөгөндө алгач түшүнбөй үйүңө жетип чай ичип отурганда араң түшүнүп “Бырс” күлүп аласың. Ачылбаган керемет дүйнөсү бар. Ачып кире алсаң университетти бүтүрүп чыккандай болосуң. Басып жүргөн энциклопедия . Барктай билели. Амантай Кутманалиев»,-деди Аалы Туткучев.