Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөлөрү менен жолугушуп, анда союзга министрлик тарабынан колдоо көрсөтүлө тургандыгын билдирди.

Азамат Жаманкулов өз сөзүндө министрлик тарабынан аткарылып жаткан иш- аракеттер, алдыда коюулган пландар менен бөлүшүп, союздун мүчөлөрүнүн учурдагы абалынан кабар алды. Анда Жазуучулар союзунун төрагасы Нурланбек Калыбеков баштаган союздун бир катар мүчөлөрү катышып, мамлекет тарабынан союздун ишмердүүлүгүнө ар тараптуу колдоо көрсөтүү керектигин белгилешти.

Эске салсак, маданият министрлиги жазуучулар союзу менен буга чейин бир катар жолугушууларды уюштуруп, анда акын – жазуучулардын китептерин басып чыгарууга жана союздун ишмердүүлүгүнө көмөк көрсөтүү маселелери талкууланып келген.

Учурда өлкөдө болуп жаткан пандемияга ылайык, бул аракеттер убактылуу токтоп тургандыгын билдирүү менен, ага карабай министрликке республикалык бюджеттен 16 млн. сом бөлүнүп мамлекеттик тилде улуттук адабияттан баштап, дүйнөлүк классикага чейин котормолорду басып чыгуу алдында тургандыгын билдирди.