Жаш кезимде кычыраган суйкайган кыз элем. Мектепти аяктаган соң чоң окуу жайга тапшырганы Бишкекке келгем. Ата-энем окубайсың деп болбой коюшту. Мен да башкаларга окшоп окушум керек деп болбой шаарга келип алдым. Кафелерде офисиантка болуп иштеп кичине кийим кечеке, акча топтоп алайын деп иштеп жүрдүм. Кафеге кычырап кийинген акчалары бар кыздар келишчү. Мен суктануу менен карап калчумун.

Бир куну жумушта кожоюнум мага тапшырып «сен карап турчу биз бир жумуштар менен эртең келебиз, кечинде өзүң жаап кете бер» деди. Кеткенден кийин тиги кыздар дагы келишти алар жүр биз менен отур десе бат эле макул болуп отуруп калдым. Көрсө алар түнкү көпөлөктөр экен. Эмне кыласың бул жакта жүр жыргап биз менен иште деп сунуш киргизишти. Көп ойлонуп макул болдум ошентип мен алардын арасына кошулуп иштеп баштадым.

Акча көп ошентип 4 жыл иштеп койдум. Бул жолдон мына чыгам, ана чыгам деп чыга албай жүрө бердим. Ошондой күндөрдүн биринде айылга барып эс алып келүүнү туура көрдүм. Барганда эле коңшу айылга ала качып кетти. Жолдошум мурун үйлөнүп кетирген бала экен. Макул болуп отуруп калдым. Азыр Кудайга шүгүр 2 кыз 2 уулум бар. Эми жолдошум Бишкектен там салып жатат. Ошол жакка барып жашайлы деп. Коркконум барып жашаса жашайлы кыздарым бой жетип деле калышты. Мурунку менин кардаарларым жолдошума тааныш болуп калса кантем? Ошол жерден бул мурун мындай болчу деп ит кылбаса эле болду дейм да.

Ии ушу борборго там салам дегенден баштап уйку жок. Азыркы жаш кыздаарга айтаар элем эч качан оңой жумуш менен акча таап өзүңөрдүн тагдырынарга балта чапагыла. Суранам кыздар бул эч ким билбейт дегени менен өзүңдү өзүң ичиңен мите курттай жеп бүтөтөт экенсиң.