Саясат

Турсийин башына кийгендер парламентке барууну көздөшүүдө, ойлонолу…

Жаңылбасам, алгач «Тоскоолдуктарсыз жашоо үчүн» деген кыймыл болуп түзүлүп, кийин “Реформа” саясий партиясы болгон  бул партияны быйылкы шайлоодо Конституциялык палатанын экс-судьясы Клара Сооронкулова баштап барат. Жаңыдан түзүлгөн партия делгени менен анын ишмердүүлүгү бир канча жылдан бери эле Кыргызстанда жүрүп келе жатат жана батыш тараптагы колдоочуларынын саясатын жүргүзөт. Бул партиянын катарында көбүнчө жарандык активисттер, чет элдик уюмдардын долбоорлору менен иштегендер. Анткени, мындай жарандар качан болбосун мамлекеттин саясатына каршы турушат жана мамлекетти, демократияны, адам укуктарын, эркиндиктерин бетке кармоо менен ар дайым ар кандай акцияларды өткөрүп келишет. Бул аракеттерди алар чет жактан алынган гранттарды актоо үчүн жан дили менен, мекенин сатып болсо дагы жасай тургандыктары иттин уулу Байгарага деле маалым болуп калды.

“Реформа” саясий партиясынын лидери Клара Сооронкулова өлкөдө түзүлгөн эпидемиологиялык оор абалга дагы бийликти айыптап, антикризистик өкмөтү түзүүнү демилегелеп, кандай жол менен болсо дагы бийлик алгысы келгендердин катарында экендигин өзү далилдеп койгон жарандардын бири катары таанылып алды. Ал жетектеген «жаңы» партиянын курамында акыркы жыл ичинде эле ар кандай митингдерди уюштурган «Reакция” кыймылынын мүчөлөрү, эки күн мамкызматта иштеп ишин эптей албаган Рита Карасартова сыяктуу бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү жана жарандык активисттер бар. Рита Карасартова Профессионалдык-кесиптик билим берүү агенттигин башкарам деп келип, жыл айланбай, ар кандай чыр-чатактарга аралашып жатып, ишин эптей албай, кайра мамлекетти күнөөлөп, айтор айланып кайра казыгын таап бейөкмөтчүлөргө кошулган. Билим берүү системасынын бул бөлүгүн иритип-чиритип бүттү деп аркасынан айткандар да көп болду. Ал эми Клара Сооронкулова тууралуу кыска айтсак, биздеги майлуу орундар кол жуугандан кийин дароо оппозиция боло калгандардын катарын толуктаган бул айым биометрикалык каттоого дагы каршы чыгып, тескери сүйлөп, Равшан Жээнбеков  сыяктуу батыштын кыргыздарга каршы агыткан даңгыттарынын жанында жандап жүргөн айым. Айрым бейрасмий маалыматтарда анын аркасында өзүн бир кезде Конституциялык палатага сунуштаган «Ата Мекен» партиясы турары дагы айтылууда. Демек, бул партиянын актанганына жана каражатыбыз жок деп элден каражат чогултканына карабастан, батышчыл партия жана каржылануу булактары жакшы эле болуш керек деп так кесе эле аныктама берсек да болчудай.

«Реформа» партиясын түзүүчүлөрдүн дагы биринин өзүнүн гей экенин жашырбай, маалымат каражаттарына чыгышы мунун ачык эле далили болду.

 Батышчыл көз караштагы партиянын курамындагы бул активисттер кыргыздын улуттук баалуулугунан алыс, салттык жана диний түшүнүктөрдү жериген, ислам маданиятына жана кыргыздын салтына каршы иш аракеттерди кылгандар. Тактап айтканда, Реформа деген атты жамынган Американын агенттери, алар Жогорку Кеӊешке ЛГБТ өкүлдөрүн өткөрө албай, өздөрүнүн батыштагы кожоюндары тарабынан коюлган тапшырмаларын аткара албай жүрүшөт.

Айтмакчы, жакында эле бул партияга мүчө болуп кирген Дастан Бекешовдун аз убакыт өтпөй кайра аталган партиядан чыга качканы дагы кызык болду. Эмнеси болсо дагы ЛГБТ өкүлдөрү аны «кантсе дагы батышчыл көз карашыбыз бир» кыязында алдап, чакырып барышкан сыяктуу пикир жаралат. Анын үстүнө, Клара Сооронкулова судьялыктан жылмышып баштаганда, аны коргоп, колдоп чыккан депутаттардын бири так ушул Дастан Бекешов болчу. Партиядагы жалаң эле жөө качкандарды көргөндө, бетиме көө жабылып калбасын деген Дастан мырза эртелеп этегин жыйган окшойт.

Дагы бир айта турган нерсе, бул партиянын ким экендигин кайсыл маалымат булактары колдоп жаткандыгына талдоо кылсак деле ачык алаканга салгандай көрүнөт. Жана гейлер менен бузукуларды дагы ушул эле маалымат булактары үзгүлтүксүз колдоп келишкендигин дагы белгилеп коелу.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button