Жубайын коомчулуктан оолак кармап, башкаларга окшоп колуктусунун сүрөтүн Интернетке жүктөөнү эп көрбөгөн коомдук ишмер, куудул Эрнист Бөрүбаев соцтармактын колдонуучуларынын суранычы менен чогуу түтүн булатып, бирге жашап келе жаткан жубайы менен чогуу түшкөн сүрөтүн өзүнүн баракчасына жүктөдү.

Сүрөттө көрүнүп тургандай, куудул жубайы менен бирге өкүл уулу менен кызынын тоюн түшкөн сүрөтүн дагы көрсөтүп, коомчулука сүйүнчүлөдү.

Өкүл уулунун аты Улукбек ал эми кызы Нуриза. Эки жаш бактылуу болуп, турмуш жолу байсалдуу болсун демекчибиз.