Блогер блокКоом

Жигитимдин эгиз балдары бар экен. Мен кош бойлуумун эмне кылсам?

Буга чейин жигиттер менен деле мамиле куруп көрбөптүрмүн. Жашым 26да. Бир күнү Асан аттуу жигит менен капыстан таанышып калдым. Ал таксист болуп көчөдө турсам жетчү жериме жеткирип, кийин дагы жолубуз бир болуп калды. Ал мени көз кырын салып жүрүптүр.

Акырындык менен бири-бирибизди жактырып, ортобузда жылуу мамиле орун алды. Жарым жыл болду таанышып сүйлөшкөнүбүзгө. Буга чейин бир турмуш курганын жакында эле билдим. Ал турмушунан 2 эгиз баласы бар экен. Жубайы ата-энесине (кайнене) туура эмес мамиле кылып ажырашканын айтты. «Ал адамды сүйбөй үйлөнгөм башында ата-энем айткан андан кийин балдар үчүн жашадым»-дейт.

Аны менен жашап жүргөндө «үйгө баргым келчү эмес көңүлүмдү калтырган» дейт. Бирок 4 жыл жашаптыр. Анан «кел чогуу жашап баштайбыз» дегенинен макул болуп чогуу жашап жатабыз. Бир күнү көңүлү жок келди не болду десем жооп бербейт анан кыйнап жатып билдим.

Балдарынын видеосун эжеси жиберип ийиптир. Ал жакта эгиздин түгөйү кулап кетсе «өлбөйсүн тур» деп бирөө кыйкырат экен. Жигитим «не менин балдарым ушуну ушул керек беле же жандарына баралбасам же жөн эле көрө албасам мен адамынбы же ата сыягым жок. Бир катын балдарымды алып кетти» деп ыйлап жатты.

Аны көрүп мен жаман болдум. Бар анда үй бүлөөңө барып балдарыңа жакшы тарбия бер десем» же аялына кетпейт. Кечээ жакында эле УЗИге көрүнсөм врачтар 3 айлык кош бойлуу экенимди айтышты. Жигитиме айтсам сүйүнүүнүн ордуна башын мыкчып жерге салып отурду. Азыр батирде чогуу турабыз «кетсин» деп ачкычты алмаштырсамда көгөрүп подьездге жатып алып атат. Не калышымды деле билбей калдым. Никесиз көз жарашымды бир ойлоп, жигитимдин жашоосун бир ойлоп бушайман деле болуп кеттим.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button