Коом
Монголияда Фейк жаңылыктар менен күрөшүү боюнча атайын бөлүм түзүлдү
Монголиянын Башкы полиция департаментинде Фейк жаңылыктар менен күрөшүү боюнча
атайын бөлүм 23-сентябрда түзүлдү. Бөлүм улуттук коопсуздукка коркунуч
келтириши мүмкүн болгон жалган жаңылыктарды иликтөөгө же социалдык тармактарда
жарандардын кадыр-баркына шек келтирип, аларды кемсинтүүгө багытталат.
Монголиянын полиция департаментинин коомдук тартип жана коопсуздук бөлүмүнүн
башчысы, полковник Ж.Амгалан: “Ар бир монгол өз коопсуздугу жөнүндө ойлонууга
мезгил келди. Ал тургай пресса да ойлонуусу кажет. Азыр каалаганыңды жазып,
айта турган убак эмес»-деди.