Ырчы Азиза Абдиева баарына каршы добуш берет

Ырчы Азиза Абдиева парламенттик шайлоодо баарына каршы добуш берет. Бул тууралуу ырчы соцтармактагы баракчасына билдирди. Анын айтымына караганда татыктуулары жок экен.

“Мен, Адиева Азиза Көчөрбаевна, Кыргыз Республикасынын жараны, шайлоочусу катары буйруса шайлоого барып өз добушумду берем, бирок, “БААРЫНА КАРШЫ “деген жердеги галочканы белгилейм.☝️Кимдин ким экени, өзгөчө карантин мезгилинде билинди. Элин ушудай кыйын кырдаалда таштап кеткен депутаттар эми эмнени кыйратышат???
Шайланганча асмандагы айды алып беришкенге даяр, шайлоо бүтөөрү менен “Кайдан көрдүм кара эшек”деген ошолор. Карапайым эл өзүнүн киндигин өздөрү эле кесип келе жатышат.
Пандемия деп коюшат,өздөрү элдерди чогултуп алышып агитация жүргүзүп жатышат,ал жерден “Covid” жугуу коркунучу жокпу?

Укканым боюнча шайлоо кодексинде жазылган экен, эгерде 50%ашык шайлоочу “Баарына каршы” деп добуш берсе, кийинки шайлоого азыркы кандидаттар катышууга укуктуу эмес.
Бирок бизде сөзсүз шайлоону өткөрүшөт, кайра эле баягыыы эле …… шайлашышат, анан алар кайра дагы тоюп бүткөнчө……”-деп жазат ырчы