Улуттук банк сентябрь айында улуттук валютанын курсун турукташтыруу үчүн үчүнчү интервенцияны ишке ашырды. Бул тууралуу мекеменин расмий сайтында маалымдалды.

Базарда бүтүм жасалган күнү эсептөөлөр менен 5 миллион доллар жана бүтүм жасалган күндөн башка эсептөөлөр менен 14 миллион 650 миң доллар сатылганы белгиленди. Жалпысынан сентябрь айында Улуттук банк валюта базарында 37 миллион 450 миң доллар сатты.

Эске сала кетсек, доллардын курсунун өсүшү Улуттук банкты кийинки интервенцияны жүргүзүүгө мажбур кылган. Өткөн жуманын аягында ал 80 сомдук чекке жакындады. Бир жуманын ичинде америкалык валюта 60 тыйынга кымбаттады.