Кылмыш-кырсык

Кара-Балтада депутатты сабоо фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды

Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаты Арсен Байсариевди сабоо фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Жабырлануучу кол салуу жөнүндө арыз жазуудан баш тартканы такталды. Бирок, милиция кызматкерлери КР Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси боюнча ERPPге фактыны катташкан.


«Денесине жаракат алган бейтап жөнүндө билдирүү милицияга 26-сентябрда Бишкектеги ооруканадан келип түшкөн. Укук коргоо кызматкерлери Кара-Балта шаарынын 31 жаштагы тургуну Арсен Байсариев сабалгандыгын аныкташты. Ал ички иштер органдарына арыз жазуудан баш тартты. Буга карабастан, милиция кызматкерлери бир катар тергөө-оперативдик иш-чараларын жүргүзүп жатышат », — деп айтылат мекеме тараткан маалыматта.

Эске салсак, Кара-Балта шаарында шаардык кеңештин учурдагы депутаты Арсен Байсариевди сабап кетишкени маалымдалган. 31 жаштагы адамга 25-сентябрда Кара-Балта шаарынын килемчилер кварталында кол салуу болгон.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Арсен Байсариев      « Биримдик »партиясынын жергиликтүү штабын жетектейт. Окуя болгон күнү ал жергиликтүү тургундар менен жолугушууга барган, ошол жерде аны сабап салышкан.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button