«Кыргызстан» партиясынын тизмесинен 8 талапкер чыкты

 «Кыргызстан» саясий партиясынын 2015-жылдагы тизмесинен талапкерлер чыгарылды. БШК партиянын жазуу түрүндөгү билдирүүсүнүн негизинде чечим кабыл алган.

Тизмеден чыгарылган талапкерлер:

– Дүйшеев Азамат Раимжанович;

– Дыйканбаев Алмазбек Кеңешбекович;

– Курманбеков Данишбек Муратович;

– Кубатов Каныбек Идрисович;

– Кыдырбаев Улук Асанкарыевич;

– Мырзаканов Кубан Нуржанович;

– Тургунбаев Абдумиталиб Тажибаевич;

– Чыдынов Космосбек Мамажжанович.

Учурда «Кыргызстан» партиясынын Жогорку Кеңештеги бош мандаты бар. Жаныбек Жоробаевдин ыйгарым укуктары өзүнүн арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулган болчу.