Саясат

Сапар Исаков: Эч ким портфель талашкан жок

Азыр саясий партиялар кызмат бөлүштүргөн жок, учурда негизги максат — иштей турган өкмөттү калыбына келтирүү. Бул тууралуу Координациялык кеңештин маалымат жыйынында мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков билдирди.

“Азыр эч ким портфель талашкан жок, эң маанилүүсү толук кандуу иштечү өкмөттү калыбына келтиришибиз керек. Бардык аракеттерибиз Баш мыйзамдын негизинде болушу шарт”, — деди Исаков.

Ал ушул тапта өлкөнүн артка кеткен экономикасын калыбына келтирүү маанилүү экенин белгиледи.

“Экономика аябай түшүп кетти. Аны калыбына келтиришибиз керек. Андын тышкары, пандемиянын экинчи толкуну келе жатат. Андыктан башка саясий партияларды дагы бизге кошулуп бирге иштешүүгө чакырабыз”, — деди мурдагы премьер-министр.

Белгилей кетсек, түндө мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковду митингчилер Молдовановкадагы колониядан чыгарып алып келишкен. Исаков Жаза аткаруу кодексинин 72-беренесинин 5-пунктуна ылайык, 23-сентябрдан тарта жазасын ушул колонияда өтөп баштаган. 2018-жылдын жай айынан бери УКМКнын тергөө абагында кармалып, кийин аны Петровка айылындагы №1 СИЗОго убактылуу которушкан.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button