Коом

Метеорологдор Антарктиканын үстүнөн эң чоң озон тешигин табышты

Метеорологдор Антарктиканын үстүнөн акыркы 10 жыл ичиндеги эң чоң озон тешигин табышты. Бул тууралуу Дүйнөлүк метеорологиялык уюмдун расмий өкүлү Клэр Нуллиск билдиргенин чет  элдик маалымат булактары жазды.

«Окумуштуулар жаңы озон тешигин акыркы жылдардагы эң чоң жана терең экенин тастыкташты. Анализдер тешиктин максималдуу көлөмүнө жеткенин көрсөттү, анын жалпы аянты азыр 24 миллион чарчы чакырымга жетип калды», — деп айтылат маалыматта.

Адистин айтымында, бул нерсе озон катмарын талкалоочу химиялык калдыктардын кайрадан көбүрөөк ыргытыла баштаганынан кабар берет.

Негизи озон катмарына зыян келтирбей сактоо боюнча мамлекеттерди милдеттендирген Монреаль протоколу бар. Эгер андагы экологиялык талаптар ойдогудай сакталса, 2060-жылга чейин озондун катмарын кайрадан 1980-жылдагы калыбына алып келсе болору айтылат.

Озон — бул жерди күндүн зыяндуу ультрафиолет нурларынан сактап туруучу газ катмары.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button