Коом
Садыр Жапаров: «Өкмөттүн түзүмү жана курамы убактылуу өзгөрбөйт»
Өкмөттүн түзүмү жана курамы өзгөрбөйт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында премьер-министрликке талапкер Садыр Жапаров билдирди.
“Учурдагы кырдаалга байланыштуу эч кандай өзгөрүүлөр болбойт. Өкмөттүн түзүмү жана курамы өзгөрбөйт. Убактылуу ушул бойдон калат, алдыда сөзсүз түрдө өзгөртөбүз”, — деди Жапаров.