…….Мен дал убагында оозун жаап, бактылуу абалда күйөөгө чыккан аялдарды көрдүм;

…..Бар ынтаасын үй бүлөсүнө арнаган аялдарды көрдүм, алардын күйөөлөрү тоо томкоруп, ийгиликтерге жетишип жатты;

……Өз-өзүн кыйнап, үйгө камап, карьерадан баш тарткан аялдарды көрдүм;

….Бала үчүн өзүн курбандыкка чалган аялдарды көрдүм ;

….Өзүнө ачууланууга уруксат этпеген аялдарды көрдүм ;

….Өзүн сабыр менен моюн сунууга абдан даярдаган аялдарды көрдүм ;

…Азга канаат кылган аялдарды көрдүм ;

…Үндөбөй чыдап, жакшылык күткөн аялдарды көрдүм.

Бирок мен башка аялдарды да көрдүм, алар:

…Эң биринчи өзүн тандагандар;

….Керек кезинде урушуп, ал-ахыбалды түшүнүп, жан дүйнөсүн иреттегендер;

….Ачык, адал болгондор — өзү менен да, өзгө менен да;

….Күйөөсүн бар болмушу менен тааныган, идеал сүрөт деп караштырбагандар;

….Жаңылышып, сүрүнүп, кулагандар, анан кайра тургандар;

….Ар түрдүү иш менен аралаша алгандар, анын аркасында өзүнө, күйөөсүнө, баласына кызык боло билгендер;

….Жардам сурап, жеңилгендер;

….Тамак бышырууну жек көргөндөр менен жакшы көргөндөр;

….жөн гана бактылуу болгондор;

Ушу аялдардын баарын оз боюмдан көрдүм. Ар бирибиздин өз боюбузда түрдүү аялдар бой көтөрөт. Бирин басып жатсак, бирин эркине кое беребиз.

Тандоо өз эркибизде. Ш. Әбілда

Интернет булактарынан алынды.