Бир аз убакыттан бери «АПА» деген жазуусу бар гүлдөр саттыкка чыгып, көпчүлүк кыргыз апалардын кубанычына айланган, күтүүсүз белек болгон гүлдөрдүн жаратуучусу Саламат айым менен баарлаштык. Көзгө сүйкүм көрүнгөн гүлдөр, башкалардан айырмаланып, көпкө сакталат жана ар бир гүл мээримге бөлөнүп жасалат.

 Саламаттын айтымында, ал үчүнчү топтогу майып болгондуктан, бутуна кийичү протез сынып калат. Үйдө бош отуруп калганда, акча табуу максатында  ар кандай иштерди жасап көрөт, жада калса шаурма ороло турчу лавашты жасаганга аракет жасайт. Андан тышкары, кийизден сумкаларды, түрдүү кооз буюмдарды жаратат. Бирок, канчалык аракет кылганы менен жумуш алдыга жылбайт.

Акырында кагаздан сувенир катарында «АПА» деген жазуусу бар гүлдөрдү жасап сатууга чыгарат. Башында таанышы жок, гүлдөрдү сатуу бир топ кыйынчылык туудурат.

«Айрымдар кагаздан жасалган гүл турбайбы деп кабыл албай, кайра кайтарып бергендер болду. Ала-Тоо аянтында майрам болгон сайын студенттердин жардамы менен чон-чоң чаар баштыктарга салып, гүлдөрдү сатыкка алып чыгат. Эртеден кечке 10-12 даана гүл сатып, жардам берген студенттерге тамак алып берип, жол киреге кетет акча. Май айында Айзада Жамгырчиева сториске чыгарып, ушундай гүл саткан кыздар бар деп айткандан кийин, элдер чалып, заказ беришип иш алдыга жылып баштады. Айрым жарандар акча которушуп, жашоо жомоктогудай өзгөрө баштады өзүм да таң калдым,»-дейт Саламат.

«Топтолгон акчага иниме операция жасатып, бир аз  карыз болуп калган элем косметика менен иштеп  жүргөндө ошол карызмдан кутулдум. Ошол кыйын күндөр эки айдын ичинде жомоктогудай өтүп кетти. Кээде таң калам кантип эле деп. Ырчылар инстаграм баракчаларына чыгарды. Ошентип азыр менде май айынан бери уйку  жок, түнү менен гүл жасап, күнү менен таратып чыгам.

Гүлдөрдү көтөрүп куттуктап барганда көпчүлүк апалар таң калышат. Кандайча деп ишенбей карашат»

Талыкпаган эмгек, изденүү, кыйынчылык, тоскоолдукка моюн сунбай, көздөгөн максатына жетүү менен ийгилик жараткан кызыбызды жараткан колдосун. Эгер сиз да апаларга жакшы маанай, эстен кеткис белек берүүнү кааласаңыз анда,  «АПА» гүлдөрүн төмөнкү ссылкага кирүү менен буйуртма берсеңиз болот.

https://www.instagram.com/p/CF1_wHus9L0/?igshid=10xl8mstkjcd9