Кылмыш-кырсык

ЖАМК: Алмазбек Атамбаев СИЗО — 1 ден башка мекемеге которулат

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевди Биринчи Май райондук сотуна Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу чечиминин негизинде СИЗО-1ге алып келишти. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы билдирди.

Мекемеге келгенден кийин, Атамбаев менен профилактикалык баарлашуу жана башка тиешелүү процедуралар жүргүзүлгөн. Андан кийин  мурунку мамлекет башчысы  жалпы режимдеги кармоочу жайга киргизилген.

«Мекеменин администрациясына Алмазбек Атамбаевден ачкачылык жарыялоо боюнча эч кандай билдирүү келген жок. Атамбаевдин кармалгандыгынын начар шарттары жөнүндө билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Бишкектеги СИЗО -1 борборлоштурулган жылытуу тутумуна жана канализация тутумуна туташтырылган, бардык камералар жабык жана мекеменин кызматкерлеринин көзөмөлүндө. Изолятордо видеокамералар орнотулган, алардын жардамы менен күнү-түнү көзөмөл жүргүзүлөт », — деп билдирди Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы.

Мекемеден кошумчалагандай, эртең Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын атайын комиссиясынын жыйыны болуп, анда Алмазбек Атамбаевди башка мекемеге которуу маселеси каралат.

Эске салсак, мындан бир нече саат мурда, Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев анын ачкачылык жарыялаганы тууралуу билдирген.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button