1-ноябрь. Милиция күнү… Бу күнү тушумо Курсан Асанов кирди. Бир жерлик иним. Акыркы күндөрү а тууралуу көп түйшөлүп жүргөнүмөнбү… Түшүмө кирди. Курсанды кызыл шыйрак кезден билем. Менин көз алдымда чоңойду десем аша кетпесмин… билген адам катары айтарым балалык, жаштык кези кыйын өттү… Атадан, жакындарына эрте ажырады, турмуштун кыйын кезеңин көрдү…

Эсимде, бир жолу көптөн бери көрүшпөй… Ошто жолугуп калдык. Декабрь. Күн суук. Курсандын милицияга киргенине 3-4 ай болуп калыптыр. Үстүндөгү шинели да жупуну, погону да таптаза, эч кандай белги да жок. Катардагы милиция… Бу кызматка киргенине сүйүнүп турганын жашыра албады. Бутунда арты жыртылып калган керзовой өтүк. Ал менден жыртык өтүгүн жашырып көрсөтпөгөнгө аракет кылат… Курсандын милиция болууга ынтаасы күч экенин билээр элем. Анын ою ишке ашып, кубанып турганда жыртык керзовой өтүгүн да көңүлгө алганым жок. Түшүмө да так ошол мезгилдегидей кириптир… Чистый погон, чистый совесть…дегендей… Жылдар өттү… Курсандын ооматы да көтөрүлдү. Ичимен гана жан тартып жүрдүм…

Бир жолу Ошто кары чалдын жалгыз баласын бандиттер барымтага алып, мээсине пистолет тактап турганда… Башын өлүмгө байлап чалдын жалгыз баласын Курсан өлүмдүн чеңгелинен куткарып алды. Өлүмдөн куткарылган бала, өлүмдөн куткарган Курсан эмес… Ушу кезге чейин эсимден 80деги чалдын көз жашы эсимден кетпейт. Бу көз жашта Ааламдын сыры бардай сезилген мага. Атанын көз жашы арман менен, кубанычтын көз жашына жуурулушуп турду… Бандиттин огу Курсанга тийсе не болот деген ой да болбоптур бизде. Кийин гана ал ой келди. Адамдын өмүрү үчүн башын сайып коюу милиция адамына, Курсанга окшогон адамдарга таандык мүнөз чыгар…

… Кийин 90 жылдар… 2010 жыл ушул окуянын баары Курсандын жүрөгү аркылуу өттү… Башын канжыгага сайды… Өлүм деп ышкырган октун арасында өттү… … Баягы жыртык керзовойчон катардагы милиция адамы генералдык мундирге жетти. Өзүнүн кара мээнети менен жетти… Мезгил тараза, мезгил калыс, мезгил акыйкат… Курсандын башында азыр тагдырдын жазмышы турат. Биз анын канчалык деңгээлде туура, туура эместигин айта албайбыз. Курсан деле биздин актообузга муктаж эмес. Анын бир гана — чындыгы Жаратканыбыз, ал баарын көрүп турат, анын бир гана акыйкаттыгы — мыйзам… Баарына мезгил тараза…

Бүгүн 1 ноябрь… Милиция күнү… Мени менен сенин, биздин, өлкөнүн, адамдардын сакчыларынын күнү. Дүйнөдө бир Ыйык кесип бар, ал — милиция кызматкерлери… Майрамынар менен… … Бүгүн тушумо Курсан кирди, ал жөнүндө айтып коюу менин адамдык, инсандык парзым, бу дүйнөдө парздан өткөн ыйык түшүнүк жок..