Блогер блок

Кумар деген нерсеге азгырылып жада калса балдар да көзгө көрүнбөй, өзүнөн улуу аял менен….

Азыркы убакта адамдар өзгөрдүбү же заман өзгөрдүбү түшүнүү кыйын.  Кумар деген нерсеге азгырылып жада калса балдар да көзгө көрүнбөй калган убакытка жетип калдык. Кеп башынан болсун.

Өзүм Чүйдүн кызымын. Жаш кезде ата-энем ажырашып кетишип көп кыйынчылык тартып чоңойдум. 20 жашка чыгып чыкпай турмушка чыктым. Турмуш куруп, түтүн булатып үй-бүлө аталганыбызга 8 жыл болуп калды. Үч баланын ата-энеси аталдык. Көп кыйынчылык, ачка токту көрдүк. Жолдошум  карта ойноп көп ирет тапкан акчасын уттуруп, даалай ыйлатты. Токмогун канча жедим. Ортодо балдар бар деп баарына чыдадым.

Акыркы кылган кылыгы  барынан ашып түштү. Бир күнү кошуна келин келип, эже байкени өзүнөн чоң аял менен көрдүм жетелешип гостиницага кирип кетишти деди. Карызын сураган бироо го деп элес алган эмес элем. Эми жумалап үйгө турбай калды. Көрсө өзүнөн бир топ улуу  “Дордойдо”  иштеген бир аял менен чогуу жашап алыптыр. Мен байкуш балдарды багам деп, кара жанымды карч уруп жүрсөм, мунун эмне кылганы? Балдарды көзгө илбей, апасындай аял менен жашап алганы кандай? Убал деген нерседен адамдар коркпой калганбы? Үй-бүлөсү бар экенин биле туруп, каратып туруп күйөөсүн тартып алат деген эмне деген? 5 мүнөттүк кумар үчүн адамдар эмне болуп баратышат?   Туура мени күнөөлөйсүңөр кетип кал да деп. Мен балдарды ойлоп жатам, таарынып баргыдай ата-энем болсо да бир жөн. Жок дегенде балдарым мен көргөн кордукту көрбөй, жылуу үйдө отурсун дейм, билим алсын дейм. Азыр кандай айла кылаарды таппай турам?

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button