Кара-Балта шаарында жайгашкан «Джинью Технолоджи» ЖЧКсынын жарнамалык баннерлердин материалын жасап чыгаруучу заводу ишке киргени турат. Бул тууралуу «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын башчысы Кудрет Тайчабаров Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, завод — 50 млн долларлык долбоор. Анда өндүрүлгөн товарлар Кыргызстандан тышкары, Орусия, Украина, Тажикстан, Өзбекстан, Казакстанга жеткирилет.

«Ушул жылдын аягына чейин (1 айга жетпей) бул жерде орточо айлыгы 25-30 миңге барабар болгон 50 кишиге жумуш орун даяр болот. Жаңы жылдан кийин 200 адам ушундай маяна менен жумушка орношо алат. Биз инвесторлордон жалаң гана жергиликтүү тургундарды жумушка тартууну жана аларга заводдо жаңы техникалар менен иштөөнү үйрөтүүнү өтүндүк», -дейт Тайчабаров.

Ал мындан тышкары, Кара-Балта СЭЗиндеги соттук иштер чечилсе, 100 гектар жерде ондогон завод-фабрика курулуп, миңдеген жумуш орундары түзүлөрүн айтты.

Эске салсак, Кудрет Тайчабаров «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын башчылыгына өкмөт башчы Садыр Жапаровдун буйругу менен дайындалганы 12-ноябрда белгилүү болгон.