Коом
Бишкектеги Ош базарында абанын булгануусу чектен ашты
Бүгүн, 17-ноябрда, саат 9:30га карата Бишкектеги «Ош» базарынын айланасында абанын булганышы чектен ашып кетсе, Чыгыш-5 кичи районунда нормадан ашкан жок. Мындай маалыматты «МувГрин» жаштар кыймылынын интернет баракчасынан көрүүгө болот.
Ага ылайык, Бишкектин бир нече жерине абанын булганышын ченөөчү приборлор орнотулган.
Приборлордогу маалыматтарды https://airkaz.org/bishkek.php сайтынан онлайн түрүндө көрүп турууга мүмкүн.