12-ноябрда бүтүндөй кыргыз элин кубанткан жакшы саамалык болуп өттү. Манасчы Дөөлөт Сыдыков 14 саат 27 мүнөт 51 секунд үзгүлтүксүз манас айтып рекорд койду. Бул тууралуу жубайы социалдык тармактагы баракчасына кубанычын төмөнкүдөй билдирген:
“14 саат 27 мүнөт манас айтып жаңы эле ордунан турган кишинин жүзүн караңыздарчы! Көзүндө тазалык, жүзүндө нур. Манасчыбыз эч чарчаган эмес экен. Таң аткыча деле айтканга Дөөлөттүн дарамети бар экенине ишенем. Калыстар, уюштуруу тобунун, айрым күйөрмандардын сунушу менен манасчыны токтотуу чечими кабыл алынды”.
— Ырыс айым, кыргыз элин сыймыктанта турган жакшы саамалык болуп өттү. Кут болсун! Рекорд коюу идеясы кимге таандык?
— Рекорд коюу идеясын Дөөлөт экөөбүз мурдатан ойлоп жүргөнбүз. Манасчылык өнөр бир гана кыргыз элинде бар, ушунча көлөмдүү эпосту, окуя, сюжетти көкүрөгүнө батырып бир нече саат, күн айтууга манасчынын гана дарамети жетет. Мындай феномен дүйнөгө даңкталышы керек. 2013-жылы 157 мамлекеттин колдоосу менен “Манас” эпосу ЮНЕСКОго катталганда кыргыз эли бир кубанды эле. Эми болсо бизде манасчылык боюнча өзгөчө адамдар бар экенин дүйнө эли таанысын деген тилегибиз күч эле. Анан бул иш-чараны татыктуу алып кете ала турган журналист, коомдук ишмер Элнура Кулуевага кайрылдык.
— Буга чейин да жолдошуңуз узак убакытка манас айткан, ээ?
— Ооба, 2014-2015-жылдары 7 күн 7 түн манас айтуу боюнча иш-чара уюштурулган эле. Ошондо Дөөлөт оозуна тамчы суу ууртабай, сары май жебей, бир отурган жеринен жылбай он эки жарым саат үзгүлтүксүз манас айткан.
— 14 сааттан өткөндөн кийин калыстар, уюштуруу тобунун сунушу менен манас айтуу токтотулбадыбы, жөн койсо деле болот беле?
— Ооба, токтотпой койсо айта бермек. Аны баарыбыз эле көрүп турдук. Илимий тыянак чыгарчу эксперттердин тобу: “Биз Дөөлөттүн дараметин билебиз. Азыр токтотпой койсок канча болсо айта берет, бирок биз 14 сааттан өткөндөн кийин эки сутка айтканга барабар деп баалайбыз”,- дешти. Экинчиден, уюштуруу тобу, айрым күйөрмандар көздөрүнө жаш алып “токтоткулачы, биз аяп атабыз” деп атышты. Токтоткондон кийин Дөөлөт “мен айта бермекмин, эмнеге токтоттуңар?” деди. Ал жакта атайын “Гиннесске” карата уюштурулгандан кийин чечимди тиешелүү топ кабыл алыш керек экен. Мен кийлигишкен жокмун. Бул жерде “Гиннесстин” талабы боюнча, эң негизгиси, бир да мүнөткө токтобой, сюжетти толук баяндап ашыра айтты. Биздин максат – “Дүйнөлүк Гиннесс рекорддор китебине” катталуу. Ал эми Дөөлөттүн манасчылык боюнча шык-дарамети өзүнчө сөз. Эми экинчи этапта Лондон менен байланышып, “Гиннесстин” талабына жооп берип, далилдөө үчүн убакыт керек экен. Учурда мунун үстүндө уюштуруучу Элнура Кулуева иштеп атат.
— Манас айтканга чейин жана андан кийин эмне себептен анализ алынды?
— Иш-чара уюштурулуп атат дегенде эле медициналык илимий иштерди аркалап жүргөн кызматкерлер байланыша башташты. Алар манас айтканга чейин жана андан кийинки абалын, кан басымын, кан айлануусун салыштырып көргүлөрү келгенин айтышты. Биз башында каршы болдук эле, Дөөлөт кайра ойлонуп макулдугун берди. Эртең менен ачкарын колунун кан тамырынан кан, шилекейи алынды. Манас айтып бүткөндө дароо медиктер кирип кан басымын текшерип, дагы бир ирет анализ алышты. Кан басымы жакшы экен, ал эми калган иликтөөлөрүн өздөрүнүн талабына жараша жасашат экен.
— Жолдошуңуз алдын ала кандайдыр бир даярдык көрдүбү?
— Жолдошум чоң жоопкерчиликти алгандыктан, уюштуруу тобунун талабы менен бир сыйра медициналык текшерүүдөн өттү. Ал эми манас деп уктап, манас деп турган адам болгондуктан, манас айтууга дайым даяр болуш керек деп ойлойм. Атайын деле отуруп алып даярданганын көргөн жокмун, тескерисинче, уюштуруу иштеринде оюн билдирип аралашып жүрдү.
— Жакын туугандарыңыздын баары аянтта болгондур?
— Ооба, апабыз баш болуп, туугандар, кайын журту, дос-санаалаштар, кыргыз эли колдоп жаныбызда болду. Ыраазычылык билдиребиз. Моралдык колдоо абдан чоң мааниге ээ. Дөөлөт бул колдоону чын жүрөгү менен кабыл алды. Азыр да жакшы маанайда жүрөт.
— Садыр Жапаров да кабыл алды, сиз бардыңызбы?
— Эртеси күнү басылмаларга биринчи маегибизди берип чыгып келатканда уюштуруучулар премьер-министр чакырып атканын айтышты. Экөөбүз чогуу бардык. Садыр Жапаров кабыл алып, манасчыга деген өзүнүн салттуу сыйын көрсөтүп тебетей кийгизип, чапан жаап, колуна камчы карматып жакшы тилектерин айтты. Ушул иш-чара болгонун кубаттап ыраазычылыгын билдирди.
— Сыр болбосо уюштуруу иштерине канча каражат жумшалды?
— Ишкер, эл уулу Азат Исакунов бул демилгени угуп эле дароо колдоду. Аянтта коюлган чоң профессионалдык аппаратура, конструкция, айнектен жасалган татаал боз үй жана башка көрүнүп-көрүнбөгөн чыгымдардын баары биригип миллион сомдон ашты. Бизге намыс алып келчү, руханий азык бере турган иш-чараны колдоп берген Азат Исакуновго ыраазычылык билдиребиз.
— Жолдошуңуздун жанында ысыгына күйүп, суугуна тоңуп келе жаткан сиздин эмгекти да көлөкөдө калтыруу болбостур?
— Манасчынын жубайы болуу – чоң жоопкерчилик. Аны сезип, туя билүү керек. Манасчылар жөн адам эмес. Мен Дөөлөттү жогору баалайм, аны майда нерселерден аяп турам. Ал жакшы, бийик нерселерге татыктуу. Ошондуктан үй-бүлөлүк турмуш-тиричилик үчүн майдалап, бөлүп карагым келбейт. Майда иштер, ошол эле тиричилик бүт менин мойнумда. Бирок баарын кеңешип жасайбыз.
— Өзгөчө адам менен тагдырыңызды бириктирген күн эсиңиздеби?
— КТРКда иштеп жүргөн кезим болчу. Бир ирет салттуу музыка күнү белгиленип, анда мен алып баруучу болдум. Ошондо Дөөлөт мени алгачкы жолу көрүп, жактырганын айтат. Көпкө чейин сезимдерин билдирүүгө батына албай жүргөн экен. Мен болсо Дөөлөттү биринчи манасчы катары таанып, аны суктануу менен уккам. Манас айтканына, үнүнө башкача суктанчумун. Андан кийин гана мага болгон сезимдерин түшүнө баштадым. Турмушка чыкканда ашыкча сөз, сындар көп айтылды. Буга менин жолдошумдан төрт жаш улуу болгонум себеп болду окшойт. Ичимен кайнап жүрүп ал сезимди азыр ойлосом жаштыгым менен жеңиптирмин. Мага Дөөлөттүн сүйүүсү менен түшүнүүсү чоң күч берет.
— Сиздердин үй-бүлөдө балдарды тарбиялоо ыкмасы өзгөчөдөй сезилет?
— Турмуш курганыбызга он жылдай болду. Эрболот, Байнур, Каган аттуу уулдарды жана Адеми кызыбызды тарбиялап келебиз. Бала тарбиялоодо Дөөлөт балдарыбыз кыргыз тилдүү мектепте гана окушат деген талапты койгон. Ал эми мен балдарга катуу айтпа дейм. Экөөбүз тең бирдей баласаакпыз. Балдарыбыздын оюн угуп, каалоосун эске алабыз. Ар биринин жөндөмүн эске алуу менен убактысын туура бөлүштүрүп берип, жакшы билим алуусуна шарт түзүүгө аракет кылып келебиз.
Булак: Леди кж гезити, маектешкен Анара Дүйшөналиева