Кечээ 17-ноябрда баш мыйзамдын жаңы долбоору коомдук талкууга чыккан. Социалдык тармактарда жарандар баш мыйзамдагы өзгөртүүлөргө каршы пикирин билдирип жатышат. Журналист Төлөгөн Сулайманов Садыр Жапаровго кайрылуу жасады:
Урматтуу Садыр ава!
Сиз бийликтен куугунтук жеп, мекенден сыртта журуп мекен кадырын билесиз! Сиз бийлик менен кармашып, абакта жатып эркиндиктин кадырын билесиз. Кыргыз саясатында уникалдуу феномен катары абакта жатып бир тундо бийликтин бардык бутагына кожоюн болуп чыга келдиниз. Бул сиздин кыйындык же ашынган саясатчылыгыныз эмес, бул тарых, эл берген мүмкүнчүлүк. Эми болсо тегерегиңиздеги айрым адамдар жаны конститутцияны сиздин колуңуз менен демилгелетип, жакынкы эле жылдарда сиздин мекениңизди, эркиндигиңизди тартып алганы жатат. Кечеки тарыхтан көрүп жатасыз. Акаев, Бакиев кара башын алып качып кетти. Аларды анга түрткөндөр бүгүн сизди тегеректеп жүрөт. Алар калат, сизге жоопкерчилик үйүлөт. Азыртадан терең ойлонуңуз, сиздин эркиңиз жетет деп ойлойм. Бийликти бир колго топтоо эч качан жакшылыкка алып келбейт. Сизге караганда миң эсе күчтүү, электораты басымдуу, каражаты мол Бакиев кайда жүрөт? Академик Акаев кайда? Чуйду менчигиндей басып жаткан Атамбаев кайда? Ойлонуңуз, дагы эле кеч эмес!!!