Коом

Жаңы конституция: жөнөкөй жарандардын укуктары менен эркиндиктери азайды

Баш мыйзамда укуктар менен эркиндиктер жөн гана жөнгө салынбастан, алардын чектелишинин негиздери көрсөтүлүшү маанилүү.
Маселен, Конституциянын долбоорунда, негизги мыйзамдын редакциясындагыдай эле, улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын ден-соолугун жана адеп-ахлактуулугун, башкалардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо үчүн адамдын укуктары менен эркиндиктерин чектөөгө болот деп көрсөтүлгөн.
Бирок абсолюттук укуктар так аныкталган, эч кандай чектөөлөргө дуушар болбогон учурдагы ченемдерден айырмаланып, Конституциянын долбоорунда бул ченемдер бүдөмүк, чачыранды жана айрым абсолюттук укуктар такыр көрсөтүлгөн эмес.
Мамлекетибиздин аймагында жайгашкан адам укуктары менен эркиндиктеринин тизмеси да кыскарды, анткени алардын айрымдары Кыргыз Республикасынын жарандарына гана өткөн.
Мисалы, долбоордо биригүү эркиндиги, иш таштоо укугу, ден-соолукту чыңдоочу экологиялык чөйрөгө укук жарандарга берилген. А бирок биздин мамлекетте жарандыгы жок адамдар жана чет өлкөлүк жарандар дагы бар да.
Баса, Конституциянын долбооруна ылайык, чет өлкөлүктөр саясий себептерден же адам укуктары менен эркиндиктерин бузгандыгы үчүн баш калка сурай албайт.
Маалымат алуу укугу боюнча ченемдердин бүтүндөй катмары жоголду. Негедир Конституциянын долбоорунун авторлору бул укуктардын чектелген бөлүгүн массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө гана беришкен. Калгандарычы?
Сунушталып жаткан Конституциядагы басмырлоого тыюу салуу боюнча эрежени 2006-жылкы Конституциядагыдай кылууну каалашат.
Буга чейин, 2006-жылы кабыл алынган Конституцияда эч ким эч кандай басмырлоого, тегине, жынысына, расасына, улутуна, тилине, динине, саясий көз карашына жана башка коомдук мүнөзгө ээ же жеке шарттарына байланыштуу укуктары менен эркиндиктерин бузууга дуушар болбошу керек деген норма бар болчу.
Ушул эреженин акыркы бөлүгү дагы бир топ суроолорду жаратат, бирок тактоо киргизиши керек эле.
Мындан тышкары, негизги мыйзамдын долбоорунда мындан ары оң дискриминация жөнүндө жобо болбойт. Мисалы: Пенсионерлерге берилүүчү жөлөк пулдар курактык басмырлоо катары саналышы мүмкүн.
Конституциянын жаңы редакциясы боюнча кандай суроолоруңуз бар?

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button