Агай экөөбүз тоого чыгып, бет-маңдай отуруп билим берүү, келечек жөнүндө маектешүү, кылым кыйырындагы өз толгоолорубузду дил маек катары кагазга түшүрүү планыбыз бар! Ошол күндү күтүп жүрөм.
Агай 50 жашка чыкканда жазган текстте ушундай тилек айткан экемин. Ушуга жетишпей калдык… Агай өткөндөн бери бир топ инсандар өз жоктоолорун жазышты. Негедир мен жаза албай койдум… Коштошкум, эскерүү текстин жазгым келбеди…
АГАЙЫМ ЖӨНҮНДӨ “АК СӨЗ”
Агайым Исаков Каныбек Абдуваситовичтин ишмердүүлүгүн, адамдык асыл сапаттарын кесиптештери, шакирттери, замандаштары түрдүү өңүттө чагылдырып жатышат. Мен дагы шакирти катары агайды туулган күнү, элүү жаш кутман курагы менен куттуктап “Ак сөзүмдү” кагаз бетине шилтедим.
Эмне үчүн “Ак сөз”… Агайым ар дайым адилеттүү болууну, кайсыл учур, кандай кырдаал болбосун ак сөздөн тайбаш керек экендигин айтып келет. Бизди жакындаштырган, агайдын мектебинде такшалууну насип кылган да ушул “Ак сөз”. Мындан 9-10 жыл мурун агай мугалимдер үчүн атайын гезит негиздеп, ага “Ак сөз” деп ат коюп, башкы редактордук милдетти аткаруу мага буюрган экен. Агай анда Ош мамлекеттик университетинин проректору болчу. Мына ошол күндөн баштап агай менен тыгыз иштешип, сөздүн баркын, кудуретин баалап, гезиттин ар бир санын зор ынтаа менен чыгарып жүрдүк. Гезиттин биринчи саны да агайдын “Ак сөздү айтуудан чарчабайлы!” деген кайрылуусу менен жарык көргөн.
Каныбек Абдуваситович ар тараптуу асыл инсан. Агай – новатор жетекчи, чыгаан окумуштуу, публицист, акын, идеолог, усулчу, тарбиячы. Ош МУдагы жаңылануулар, окуу жайдын сырткы жана ички облигинин заманбап болуп өзгөрүшү, дүйнөлүк аренага ат салып чыгып жатышы агайдын тынымсыз аракети, жаңычылдыгы, өз заманы менен жарыш бараткан генийлигин айгинелеп турат.
Агай – идеолог! Мен агайдын жасаган иштеринен улуттук идеологияга кошкон салымын белгилегим келип турат. Бир ойчулдун “Бир мектептин ачылганы – бир түрмөнүн жабылганы” деген таамай кеби бар. Агай ушул ойдун учугун улап университеттин алдында мектептерди түптөдү. 2013-жылы “Билим” лицейин түптөп, директорлук милдет мага жүктөлдү. Ар бир мектептин концепциясын агай өзү иштеп, миссиясын аныктап чыкты. Нукура кыргыздын баалуулугун кошо алып кеткен билим-тарбия берүүчү мектептерди түзүүгө жетишти. Азыр агайдын жаркын идеясы ишке ашып Ош мамлекеттик университетинин алдында “Билим” лицейи, “Ыйман” гимназиясы, “Зирек” билим берүү комплекси, Кара-Суу гимназиясы, Ноокат гимназиясы, Кара-Кулжа гимназиялары ачылып иштеп жатат. Бул мектептердин ачылышы агайдын коомду агартууга, улуттук идеологияны жайылтууга кошкон баа жеткис салымы. Бул мектептерден бүткөн ар бир бүтүрүүчү Каныбек агайдын окуучулары, агайдын мугалимдик жемиши.
Агай – идеялардын фабрикасы! Ар дайым ойлордун кучагында жүрөт. Коом, адамдар, таалим-тарбия, адабият, маданият жөнүндө көп түйшөлөт. Абдан таң калтырган, келечеги жаркырап көрүнүп турган идеяларды сунуштайт. Кээде түн бир оокумда телефон чалат. Кубанып кетем дагы бир идея, жакшы сөз угам деп. Айткандай ар бир чалганда менин багытыма байланышкан идея угам, шыктанам. Агай экөөбүз тоого чыгып, бет-маңдай отуруп билим берүү, келечек жөнүндө маектешүү, кылым кыйырындагы өз толгоолорубузду дил маек катары кагазга түшүрүү планыбыз бар! Ошол күндү күтүп жүрөм.
Агай – көңүлдүн дарыгери! Көңүлдүн жарпын жазып, кирдеген жан дүйнөгө аруулук берип, чөгүп, басынып кеткен духту бир саамда өөдө көтөрүп, чыйралтып чыгарар асыл сапаты бар. Жаш болсом да, жан дүйнөм көп кыйналат, кээде кара ниеттиктин көп курманы болдум, ошондо да агай жакшы сөзү, адамдык улуу сапаты менен колдоп келди. Мага эле эмес баарына ошондой! Канчалаган булактын көзүн ачып, жол көрсөтүп, илимдин изги жолуна салган, атын атаар шакирттери бар. Агай таза абада, тынч жерде олтуруп, аңгеме-дүкөн курганды, баарлашканды, кээде куйкум сөздөн таштап тамашалашканды жакшы көрөт. Биз шакирттери дайыма ошондой күндөрдү күтө беребиз, анткени көңүлдү дарылачу дарыгердин жардамына муктажбыз да!
Агай – чыгаан окумуштуу! Агай тамсилди изилдеди. Кыргыз адабиятындагы тамсил жанрынын генезисин жазды. Байдылда Сарногоевдин чыгармачылыгына илимий өңүттө саресеп салды. Илимий, публицаистикалык, көркөм китептерди жаратты. Агайдын адабияттаанууга кошо турган салымы, жарата турган эмгектери алдыда. Азыр да бир нече китептери басмага даярдалып, чыгуу алдында турат.
Ал эми менин агай жөнүндө айтаар сөздөрүм да алдыда! Агай менен али көп дидарлашабыз. Тоонун таза абасында олтуруп дилмаек жазар мезгилдер эми башталат! Көп жашаңыз агай! Элүү жашыңыз кут болсун!
Шакиртиңиз п.и.к., доцент Кыялбек Акматов, 2019-жыл