Президенттикке талапкерлердин 20сы кол топтоо процессин аякташты. Алардын кол топтоосуна коомчулукта түрдүү пикирлер айтылып жатат. Төмөндө фейсбук колдонуучу Шамурза Бөрүкуловдун пикирин өзгөртүүсүз беребиз:

Урматтуу Шайлдабекова айым (бүгүн урматтуу деп эле жазайынчы), сиздин аракетиңизден бүткүл кыргыз элинин тагдыры бир болсо жаман жакка, же болбосо эл каалаган жакшы жакка өзгөрөт.

Биз, президенттикке талапкерлердин шайлоо алдында топтогон добуштарына таптакыр ишенбейбиз, жана топтолгон добуштарды аябай текшерүүңүздү, элди алдагандарды таап аесуз шайлоодон четтетишиңизди талап кылабыз. Өзүңүз ойлоп көрүңүз: ар бир талапкер орто эсеп менен 50 миңден кол топтой салышыптыр. Эгерде шайлоого эки миллион адам катыша турган болсо (в этом я очень сомневаюсь), анда 2 миллиондун жанында 50 миң кол 2,5% ды түзүп калар экен.

Ал эми талапкерлердин үч төртөөнөн башкасы шайлоо жыйынтыгында эч качан 2,5% голос ала алышпайт. Андай болсо, алар кантип 50 миңден кол топтошту? Кыргызстанды түрө кыдырып ар бир үйгө кирип чыгышса да 2,5% добуш топтой алышпайт. Дээрлик баардыгы (үч-төртөөнөн башкасы) Садыр Жапаровдун атын сатып кол топтошкон. Шапкесин Садыр Жапаров деп жазып алышып элди алдап коюш оңой эле. Анын үстүнө көпчүлүк карапайым эл Садыр Жапаров десе, ойлонбой эле, шапкесин карабай туруп кол коюп бергенге даяр.

Менин айтайын деген максатым: эгер жакшылап текшерип чыксаңар, азыркы талапкерлердин көбү шайлоодон чыгып калат. Эч бир өлкөдө 20 талапкер чыгышпайт. Силер уялбасаңар, биз-карапайым эл уялып жатабыз. Менин оюмча ылайыктуу делген төрт талапкер бар: Жапаров, Мадумаров, Кочкоров, Канат Исаев. Башкалары тезегин терсин.