Кылмыш-кырсык

ИИМ кызматкерлери баңгизаттарды мыйзамсыз сатуу менен алектенгендерди кармашты

Кыргыз Республикасынын ИИМдин БМЖКККнын Мобилдик ыкчам бөлүмдөрдүн башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан баңгизаттарды мыйзамсыз сатуу менен алектенгендерди аныктоо боюнча бөгөт коюуга багытталган бир катар операциялары ийгиликтүү аяктады.


Аталган факт КЖБРге Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 267-беренесинде (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери боюнча катталган.
Анын натыйжасында, Жалал-Абад облусунун Каракөл шаарында 1997-жылы туулган Ш. уулу И. жана 2000-жылы туулган Ж. уулу Т. аттуу жарандар кармалып, аларга карата кароо жүргүзүү учурунда жанынан кара-күрөң түстөгү, өзөчө жыты бар зат табылып алынган.
Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, жогорудагы каражат жалпы салмагы 987 граммды түзгөн “гашиш” баңгизаты экендиги аныкталган.
Азыркы учурда шектүүлөр УКЖга киргизилип, сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүп жатат.
ИИМдин БМЖКККнын Басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button