Кылмыш-кырсык

Кырсыкка учурап айдоочусу каза болгон унаадан 3 кг гашиш банги заты табылды

2020-жылдын 7-декабрь күнү Баткен районунун Жаңы-Жер айылы аркылуу өтүүчү Ош-Исфана унаа жолунун 221 чакырымында “Хендай солярис” үлгүсүндөгү автоунаа жолдон чыгып кетип, автоунаанын айдоочусу ошол жерде каза болгондугу боюнча маалымат Баткен РИИБне катталып, окуя болгон жерге Баткен РИИБнин ыкчам-тергөө тобу чыгып кароо жүргүзөт.


Окуя болгон жерге, кырсыкка учураган автоунаага кароо жүргүзгөндө автоунаанын техникалык паспорту жана айдоочулук күбөлүк табылып, автоунаанын айдоочусу Жалал-Абад облусунун 31 жаштагы А.Ж.аттуу тургуну экендиги аныкталган.
Бул факт Баткен РИИБнин КЖБРне Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 297-беренесинин (автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталат.
Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында автоунаага кароо жүргүзгөндө унаанын арткы жүк салгычынан кызыл-кара түстөгү “Sports” деген жазуусу бар спорттук сумка табылып алынып, ага кароо жүргүзгөндө сумканын ичинен 3 даана атайын целлофан пакетке оролгон өзгөчө жыты бар, болжол менен жалпы салмагы 3 кг болгон банги затына окшогон зат табылып алынган.
Алынган банги затына окшогон затка экспертиза дайындалып, экспертизанын корутундусунда гашиш банги заты экендиги аныкталган.
Азыркы учурда бул иштер боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button