Жашым 48 жакындап калды. Бирок ичимдеги бир сыр тынчтык бербей, жан дүйнөмдү кыйнап келет. Жаштыгымдан эрке өстүм. Ата-энемдин жалгыз улуу болгондуктан, каалаганымы ичип, каалаганымды киер элем. Бирок акча ушунчалык жашооңду азгырарын кеч түшүндүм. Өзүм да сулуу болгондуктан, кыздар дайым айланамда, айланчыктап жүрөр эле. Бул адатым үйлөнгөндө да, басылбады. Пешенеме кудайым аябай сабырдуу аял берген экен. Азыркыга чейин, жаманымды да, жакшымды да жашырып келет.
Үйгө бир күн келсем, үч күн жоголуп кетээр элем. Бул мага күндөгү көнүмүш күндөр болуп калган. Клубка, андан чыгып жаман досторума кошулуп карта ойночумун. Андай күндө, кыз болбосо да кызыгы жоктой болуп, кыздарды алып келчүбүз. Бака-шака, каткырык, ызуу-чуу. Күндөн-күнгө ушундай күндөр уланып жатты. Ал арада үч балалуу да болуп калдым. Эки кыз, бир уулдун атасымын. Бирок балдарды аялым эле, тарбиялап, өстүрүп жатты. Качан тарбиялайм, эгер бир күн болуп, эки күн үйдө болбосом. Бул иш качанкыга чейин, созулат эле, эгер мынтип, жарым жан болуп калбаганымда.
Бир күнү адаттагыдай, досторум менен, машинеде, шарактап келе жатканбыз. Кайдан чыга калды билбейм. Маңдайыбыздан бир ит чыгып, машинебиз аварияга учурады. Тарс эткен, добуштан улам баарыбыз куладык. Көзүм караңгылашып, жумулганын билем. Андан аркысын эстей албайм. Көзүмдү ачсам, ооруканда жатыпмын. Балдарым, аялым көз жашын көлдөтүп, башымда туруптур. Байкуштарым, менин тирүү калганыма ыраазы. Көзүмдү ачып эле, досторумду сурадым. Рулда отурганы, ошол эле жерде жан бериптир. Арт жактагы экөөбүз, тирүү калыппыз. Бутумдун ооруганынан улам, ылдый жакты карасам, жарым жанмын. Көргөн көзүмө ишенбедим. Тизеден ылдый жагын, бырчаланып, кеткендиктен кесип ташташыптыр. Ата-энем болсо, өмүрүмдү тилеп отурат.
Ошентип жарым жылдай дарыланып жүрүп, ооруканадан чыктым. Аялым дагы деле жылуу мамиледе. Ушунча жашап, аялыма да, жакшы мамиле кылбагам. Ал болсо, мени сыгылбасын деп, ар күнү жылмайып жылуу сөзүн айтып турат. Аялымдын сабырдуулугуна таң калам. Убакыт өтүп, тун кызымды эрге бердик. Жакшы эле жашап атышкандай туюлган. Бирок кызым күндөн-күнгө, өңүнөн азып, соолуй баштады. Мени сыгылбасын дейби, дайыма жылмайып кирет. Көздөрү муңдуу эч нерсе айтпайт. Бир жолу аркы үйдө апасы менен сүйлөшүп отурганын угуп калдым. Ыйлап алган. Апаке чыдай албайм. Сабырым түгөндү. Бир күн келип, үч күн жок болот. Ойногону ойногон. Үй-бүлөсү бар экенин да эсинен чыгарып таштайт. Ушул сөздөрдү укканымда, жүрөгүм селт этип, титиреп баштады.
Мен ушинтип жүрбөдүм беле. Баардыгы менин кылганыма куюп койгондой окшош. Ойногону. Үйгө келбей калганым. Үй-бүлө не экенин билбегеним. Мунун баарын, күйөө балам, кызыма көрсөтүп жатабы? Башымды мыкчып, ыйлап жибердим. Кайтаар дүйнө, эртедир кечтир кайрылып келээрин билсем гана. Менин дартымдан, балам жапа чегүүдө. Менден алып качкан күздөрү, ушуну айта албай турган экен да.
Кызымды чакырып, кучагыма басып, буркурап ыйлап жибердим. Кечир кызым, кечир акмак атанды. Адам болуп, айбандарча күн өткөзгөн катамды. Менин кесепетимден, менин дартымдан, менин катамдан, сенин жашооң татаалдашып калды.
Баары кайтты, баары келди. Неге кеч түшүндүм? Эми не амал кыла алам? Аялым да менин түшүнгөнүмө, ыйлап жиберди. Дагы канча отурат элек билбейм балдарым келип, эшикти такылдатпаганда. Ошол күндөн баштап, намазга жыгылдым. Кетирген каталарым үчүн, аябай өкүнүчтөмүн. Бирок кеч болсо да, адам болуп, өзгөрүп жашаганыма шугур кылам.
Кызым дагы кандай азаптарды, башынан кечирип жатат билбейм. Апасын тартып сабырдуу, намыстуу эч нерсе айтпайт. Сыягы жеңсен болот деп, апасы үйрөткөн го. Баардык жаман жолдо жөргөн эркектерге айтарым, токтоткула кеч боло электе. Биз кылган катага, эмне үчүн, балдарыбыз, же карындаштарыбыз  жооп бериши керек. Ойлонгула кайтар дүйнө бир үун сөссүз кайтып келет дегени анык. Мен сыяктуу, адашпагыла. Менин башыман өткөзгөн, окуялар, күнүмдүк жашоо деп ойноп жүргөн адамдарга сабак болот деген ниеттемин. Ар бир үйдө, ынтымак, ырыскы, бактылуулук болсун. Аллахым ар бир адамга, жеңил сыноо берүүсүн насип этсин.
Интернет булактарынан алынды.