Чыңгыз Айтматов жана кыргыз окурмандары 
Айтматовду көрүп билгендер азырынча, кудага шүгүр көп арабызда. Ошолордун эскерүүлөрүн, алардын билген Айтматовун жазып калалы.
Чыгармаларын кайра бастырып, комментарийлер менен толуктап, жалпы элге пропаганда кылуу ашыкча болбойт. Айкелдери, мамлекеттик иш-чаралар бул башка. А жалпы эл, жай эл, Айтматовду окушубуз керек.
Даңазалуу Айтматов. Бүгүн эки жыл мурун жазылган кенен постум бар бул темага.
Азыр кыскача. Лентада Айтматовду окубаган дүйнөдө адам аз деген посттор көп.
Бул да анык. Дүйнө эли, маалымат алышуунун жогорку технологиядагы каражаттары фантастикалык өнүгүүгө жеткени, көптөгөн, информациянын өтө чоң контенттери электрондук түрдө кабыл алынып жатканы менен, дагы дале болсо китеп окуусун улантып келе жатат.
Адабиятты сүйгөндөр, аны окугандар азайган жок.
Айтматов качан эле, эң алгачкы «Тоолор жана талаалар» жыйнагы жарыялангандан кийин эле кыргыз адабий алкагынан, чегинен дүйнөлүк аренага суурулуп чыккан.
Аны менмин деген адабиятчылар, сынчылар, дүйнө окурман журту окуй бериши бул закон ченемдүү көрүнүш.
Мисалы, биз кыргыз окурмандары, Чеховду, Пушкинди, Бунинди, Набоковду, Кафканы, Гессени, Гетени, Гейнени, Бальзакты, Диккенсти, Хемингуэйди, Румини, Саадини, Памукту, Гамсунду эч кимден сурабай эле окуй беребиз. Мектеп программаларында деле жок ушулардын кээ бирлери. Эмнеге. Алар дүйнө адабиятынын корифейлери. Ушул эле себептен Айтматов дүйнөнүн мыкты жазуучуларынын бири катары окула берет аалам адабиятында.
Эми Айтматов жана кыргыз окурмандарына кайрылып келсек. Чынын айтсак,көпчүлүк кыргыз эли Айтматовду окушкан эмес. Анын кыргыз тилинде чыккан китептеринин тираждары буга күбө. Ар бир үйдө Айтматов туруш керек.
Анын атын гана билип, аны менен сыймыктана берген бир жөн, башка кеп аны окуп чыгыш. Айтматов бул адамгерчиликтин, акыйкаттыктын мектеби. Кара менен актын, чындык менен жалгандын, адилеттик менен зомбулуктун күрөшү. Келгиле, Айтматовду окуйлу.
Айтматовду көрүп билгендер азырынча, кудага шүгүр көп арабызда. Ошолордун эскерүүлөрүн, алардын билген Айтматовун жазып калалы.
Чыгармаларын кайра бастырып, комментарийлер менен толуктап, жалпы элге пропаганда кылуу ашыкча болбойт. Айкелдери, мамлекеттик иш чаралар бул башка. А жалпы эл, жай эл, Айтматовду окушубуз керек.