Коом

Курсактагы майды кѳбѳйтүүчү азыктар

Тиреп турган курсак аялдардын эле эмес, эркектердин да кѳйгѳйү. Организмде ич май канчалык кѳп болсо, адамдын ооруга чалдыгуу коркунучу ошончолук жогору. Ашыкча май кант диабети, астма жана онкологиялык оорулардын башаты болот. Ашыкча салмактан арылуу үчүн болгон аракетти жумшасаңыз да сиз күткѳн жыйынтык чыкпай жатса, тѳмѳнкү азыктардан баш тартыңыз.

Нан азыктары

Ак нан, кесме, булочка жана торт. Булар жеңил сиңе турган углеводго бай. Канча кѳлѳмдѳ жесеңиз да кайра организм талап кыла берет. Себеби углевод организмге түшѳрү менен сиңип жетишпей дароо майга айланат. Ал май алгач бѳйрѳккѳ, курсакка барып топтолот да, калганы жалпы органга тарайт.  Курсактын ѳлчѳмүн кичирейткиңиз келсе биринчи кезекте ун азыктарынан баштаңыз. Эгер нансыз тура албасаңыз ордуна лаваш (калама) колдонсоңуз болот. Ага, болгону, туз, суу гана кошулат. Ачыткы, даамды күчтѳндүрѳ турган заттар колдонулбайт. Ошого эле тооктун этин, помидор ороп жесеңиз алда канча пайдалуу азыктанган болосуз. В витаминине бай кара нанда пайдалуу клетчаткалар арбын. Кара нан организмдеги шлактарды тазалап, кандын курамындагы кантты жѳнгѳ салат.

Картошка жана күрүч

Эки азыкта тең крахмал кѳп ѳлчѳмдѳ бар. Ѳзгѳчѳ катырак, куурулган картошканын курамындагы крахмал организмге түшкѳндѳн кийин оор углеводго айланат. Эгер жеген калорийди ошол замат иштетпесе, ичтеги майдын кѳбѳйүүсүнѳ шарт түзѳт. Крахмал ичегиге киргенден кийин клей ѳңдѳнүп башка пайдалуу витаминдердин сиңишине тоскоолдук жаратат. Ушундан улам майдан сырткары ич кѳѳп тургандай ыңгайсыздыкты пайда кылат. Бул азыктарды жакшы кѳрсѳңүз, анда картошканы узак убакытка сууга чылап, крахмалы чыккандан кийин сууга же шорпого бышырып жесеңиз болот. Ал эми кууругандын ордуна духовкага бышырса пайдалуураак. Күрүчтү жумасына эки ирет гана колдонгон оң. Кызыл түстүү күрүчтүн курамында крахмал аз болгондуктан ден соолукка пайдалуураак.

Сыра

Сыранын курамында эстроген гормонун ѳстүрчү зат бар. Сыраны үзгүлтүксүз колдонгондо эстроген гормону нормадан кѳбѳйѳт. Жыйынтыгында курсактын айланасында майлар пайда болот. Ичимдиктердин арасынан эң калориясы кѳбү –сыра. 100 грамм сырада 45-55 калорий бар. Эркектер сыраны кѳп ичкенде тестостерон гормонунун иштелип чыгуу тартиби бузулат. Жыйынтыгында курсак чыгып, семиргенден сырткары жыныстык жашоосунда да кѳйгѳй жаралат.  Сыраны үзгүлтүксүз ичкен адамдын организминде метаболизм (зат алмашуу) процесси 20% жайлайт. Андыктан ичимдиктен баш тарта албасаңыз сыраны кургак виного алмаштырыңыз. Винодо калорий аз, ошол эле учурда жүрѳк-кан тамырга пайдалуу.

Туз

Туздун пайдасынан зыяны кѳп. Ал организмдеги суюктуктун чыгуусун жайлатат. Мундан улам бѳйрѳккѳ күч келет, адамдын колу-буту, жүзү шишимик тартат. Ал эми туздуу тамак адамдын мээсине тойгондугу тууралуу белгини кеч берет. Ошондон улам тамактын тузу ѳтүмүрѳѳк болсо адам ѳлчѳмүнѳн ашыкча жей берет. Ашык тамактан пайда болгон май белге, курсакка жана табарсыкка топтолот. Дүкѳндѳн кандай азык албаңыз, курамына кылдат кѳңүл буруңуз: “глутамат натрий”, “нитрат натрий” жана “хлорид натрий” деген жазуу бар болсо, анда ал туздуу экенинен кабар берет. Туздан дароо баш тартуу мүмкүн эмес. Андан акырындык менен кутулганга аракет кылыңыз. Алгач туздун ѳлчѳмүн азайтып, андан кийин аны лимон ширеси, сарымсак, деңиз капустасы менен алмаштырса болот. Тамакка бул азыктарды туздун ордуна кошсо жагымдуу кычкыл даам берет жана зыяндуулугу жок.

Таттуу азыктар

Мисалы, алма же кайсы бир салаттын түрүн жегенде организмге глюкоза барып белги берет. Ошол учурда инсулин гормону иштелип чыгып, кандын курамындагы канттын ѳлчѳмүн жѳнгѳ салат. Глюкоза энергияга алмашып, биздин муундарга, булчуңдарга каруу берет. Ал эми таттуу азыктарды, шекерди кѳп колдонгондо организм инсулинди жетиштүү ѳлчѳмдѳ иштеп чыгууга үлгүрбѳй калат дагы, шекер майга айланат. Таттууну кѳп ѳлчѳмдѳ күнүнѳ бир нече ирет колдоно берүүдѳ инсулин гормону аягында чарчайт, жыйынтыгында таттуунун баары түздѳн-түз майга айланат. Май алгач ичегилерди, боорду, андан кийин курсакты жана бѳйрѳктү басат. Диетанын кандай түрүн кармабаңыз, алгач татуудан баш тартпасаңыз жыйынтык болбойт. Таттуусуз тура албасаңыз курамында шекер бар жемиштерге ыктаңыз. Жүзүм, банан, ѳрүктүн түрү, таза балдын жардамы менен бир күндүк шекердин ѳлчѳмүн камсыздай аласыз. Ал эми шекерди акырындык менен азайтып, бара-бара андан толугу менен баш тартсаңыз ашыкча салмактан арылып, теринин түзүлүшүн жакшыртууга мүмкүн.

Майонез

Бул соустун тең жарымы жасалма майдан турат. Мисалы, 100 грамм майонезди колдонсоңуз 45-55 грамм майды сиңирип алганга барабар. Майонезди ѳндүрүүдѳ ага саргыч түс берүү үчүн жумуртканын порошогу колдонулат. Бул зат ѳзгѳчѳ он эки эли, жоон ичегиге майдын топтолуусуна шарт түзѳт. Ичегилерге топтолгон май курсакты чыгарып, ал эми транс майлар боорго топтолот. Ич майдан арылууну кааласаңыз алгач ушул соусту колдонууну токтотуңуз. Үй шартында жасалган соустун зыяны азыраак болгону менен майлуулугу даяр майонездикинен кем калбайт. Андыктан бул соусту айына бир ирет колдонгон жетиштүү. Майонездүү салат жеген соң кыймылда болуп калорийди жоготкон туура.

Анара Дүйшѳналиева

Булак: Lady.kg  

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button