Аны «тоголок» аял дешет. Бою жапалдаш, өзү толмочунан келген, бир моюн, колу -буту быртыйып кыска болгондуктан, кадамын майда-майда таштап, көчөдө кетип баратса тоголонуп бараткандай көрүнөт. Ошон үчүн ал “тоголок аял” деген атка конгон . Жаш кезинде сындуураак эле болчу. Кийин бара-бара толмоч тартып кетти.
“Тоголок” аял башкалардын аны эмне деп жатканы менен иши болбойт. Ар күнү таңдан кечке үй оокатын жасап “тоголонуп” жүрө берет. Көчөдө жүрсө эки колунан эки баштык түшпөйт. Базардан картөшкө, ун, кант-чай дегенди үйүнө кумурскадай ташый берет. Анын жаш күнүнөн бери баштыктап ташыган оокаттарын чогултса жүк ташыган поезддин ондогон вагондору толмок. Жууган кирлерин жыйнаса Ала-Тоодой үйүлмөк. Короо жайында, үйү менен базар дүкөндөрдүн ортосунда басып жүргөн жолдорун улаштырса Америкага жетмек. Өзүн бир гана көр оокатка арнап койгон бул “тоголок” аял үчүн мындай түйшүктөрдүн эч кандай оорчулугу жок. Кайра өзүнө жагат, ошонусунан канагат алат. Тирүүлүктө адамдын керектөөсү түгөнбөйт да. Үйгө үйдөй оокатты үйсөң да жетпейт деген сөз бар эмеспи. Анын сыңарындай, жашоого көр оокат үчүн гана жаралган “тоголок” аялдын үйүнө баштыктап ташыганы ташыган.
Анын күйөөсү кайсы бир мамлекеттик мекемеде жооптуу кызматта иштейт. Келбеттүү, зыңгыраган бир сырдуу киши. Көйнөгү дайыма апакай, таптаза. Бир көйнөктү бир эле күн кийет. Кызматына эрте кетип, кеч келет. Кээде дем алышта да иштеп калат. Жаркыраган кымбат машинесине негедир аялын салбайт, ал баштыктарын көтөрүнүп өзүнчө жөө жүрө берет. Элдин аялдарындай болуп — Мени жеткир, мени алып кет, мага алып кел, — дебейт. Күйөөсү үй тиричиликте жардам бербегени менен акча тыйынды түзүк эле табат. Оокат-ашка кенен жетээрлик берип турат. Анысы жакшы. А “тоголок” аялга ошол эле керек. Акча болсо эле калган тириликтин баарын өзү жайгарат.
Алардын төрт баласы бар. Алды студент, арты мектепте окушат. Үй бүлөнүн бүт түйшүгү толугу менен “тоголок” аялдын мойнунда. Балдарынын да энесине кол кабыш кылганга убактылары жок. Сабакка барышат, сабак даярдашат, анан кол телефондору менен үнсүз тиктешип, анын бетин сөөмөй менен өйдө-төмөн сүргүлөп, тунжурап олтура беришет. Энеси жумшай коеюн десе — Сабак даярдап жатам, — деген шылтоолору даяр. Балдарын жалкоолукка үйрөтүп алган да өзү болду. Баланын иши чала болот деп аларга ишенбей, баарын өзү жасай берип, эми алар минтип чоңое түшкөндө оңой менен тил албай калышты.
Аялдын кол телефону сүйлөшкөнгө гана жарай турган жөнөкөй, жазуулары өчүп калган эски телефон. Мага ушул эле болот дейт өзү. Аны менен балдарына чалып кабар алып турса болду. Кимиси качан келсе да чай-пайы даяр турушу керек. А күйөөсүнө телефон чала бербейт. Ал келгенде келет, кеткенде кетет. Тынчын алып келатасыңбы деп сурай бергенди күйөөсү жактырбайт. Каалабаса аялынын чалганына жооп бербей да коет.
“Тоголок” аял өмүрүндө күн чыкканча уктап көргөн эмес. Таң эрте күйөөсүн ишине, балдарын окууга жөнөтүүгө даярданат. Баарын убагында ойготуу керек. Күн сайын эртең менен сары май, шекер салып, таттуу ботко бышырат. Каймак-сүтүн, быштагын, жумшак нанын үстөлгө коет.
Баары жуунуп-таранып, ичип-жеп, туш-тушка тарап кетишет. Аял жалгыз калып, үй ичинде тоголонуп басып, баарын тазалап жыйнай берет. Балдарынын ирээтсиз таштап кеткен кийим- кечелерин тыпыйтып бүктөп, өз -өз текчелерине коет. Манжалары мыртыйып кыска болгону менен эркектикиндей күчтүү колдору бар. Ушул москоол колдору менен бир үй бүлөнүн кир-когун арылтып, оокатын алга сүйрөп келатат. Чарчадым деген сөз оозунан чыкпайт. Үй жыйнап жүрүп базарга барып эмне алып келүүнү, кечкиге кандай тамак жасоону, күйөөсү эртең кайсыл кийимин кийээрин ойлоно берет. “Тоголок” аял мындан башка эч нерсеге деле түйшөлбөйт. Кайдадыр барып эс алууну, ден соолугуна кам көрүүнү, дүкөн кыдырып өзүнө кийим-кечек тандоону, курбу-курдаштары менен чогулуп чай-пай ичүүнү дегеле ойлобойт.
Баса, анын азыр курбу-курдаштары деле жок. Жок дегенде, күзгүгө каранып, өңү-башын сылап-сыйпап алууга колу тийбейт. Ак аралай баштаган саамайларын башкалардай болуп боеп койсо деле жакшы болмок. Антип олтуруп алса оокатты ким жасайт? Анын бар максаты – үйү таза, тамак- ашы даяр, кийим-кечелер жуулуу болушу керек.
Күндөрдүн биринде “тоголок” аял ооруп калды. Буга чейин эч качан оорудум деген эмес. Кээде суук тийип чүчкүрүп-бышкырып калса догдурсуз эле үйдөн эптеп өзү айгып алчу. А бүгүн кан басымы көтөрүлүп, дене табы от болуп күйүп, буттары калчылдап баса албай, алы куруп, жаны жер тартып жатып калды. “Тез жардам” чакырышса текшерип көрүп, дароо алып кетишти.
Ага керектүү дары-дармегин, тамак –ашын алып барып турууга эч кимисинин колу бошобой, бири бирине шылтап, үйдөгүлөр кыжылдаша башташты. Күйөөсү ойлонуп көрүп, кошуна келин менен сүйлөштү. Акчасын төлөп, аны ооруканага каттатып турду. Өзүнүн убактысы болбой, аялынын ахыбалын телефон аркылуу гана сурап жатты. Кошуна келин керектүү дарыларын алып, тамак-аш жасап жеткирип турууну моюнуна алды. Акысын төлөп жатса ага кайра жакшы эмеспи.
Бул арада “тоголок” аялдын үйү кыйсыпыр түшүп чачылды. Жаш кезде төрөтканада гана төрт-беш күн жатып калганы болбосо эч качан үй- жайын таштап алыска кеткен эмес эле. Кир-кок жуулбай, тамак жасалбай, чай ичээрге таза чыны калбады. Ал тургай ашканадагы таштанды челек да төгүлбөй, бөлмөнүн ичи жыттана баштады. Үйдүн куту качып, аңгырай түштү. Аял жок үй ошо да. Эртең менен ойготор киши жок уктап калышып, сабактарына кечигип, ачка кетип жатышты.
Догдурлардын — Эч нерсени ойлобой, беймарал абалда жатыңыз, сизге тынчтык керек, — дегенин эске албай, “ тоголок” аял үй-жайына кыжаалат болду. Бала-чакасынын жүдөп калганын сезип жатты. Оюна койсо палатадан бүгүн эле чыга качып, халатын кийип, алжапкычын тартынып, тирилигин жасагысы келип турду.
Оооруканага барып аялынын ахыбалын көрүүгө убакыт таппаган баягы зыңгыраган күйөөсү ушу тапта кызматынан чыгып, шаар четиндеги бир ажайып ресторандын керемет музыка ойнолгон жеке бөлмөсүндө көптөн бери жолугуша албай жүрүшкөн Нази деген сулуу менен багалаң козунун шишкебегин жеп, шарап ичип, бирин бири кумарлуу тиктеп олтурушту.
Элмира Ажыканова, журналист