Кылмыш-кырсык

Кармалган шектүү: «Менин жасаган кылмышыма мен эмес, арак күнөөлүү»

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы боюнча патрулдук милиция кызматы адам өлүмүнө алып келген өзгөчө оор кылмыштын бетин изи сууй электе ачышты.
25-декабрь күнү саат 23.30 чамасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгы боюнча патрулдук милиция кызматы чакыруу боюнча Ош шаарынын Ашымахунова көчөсүнө барышып, ал жерде денесинде жарааты бар адамдын жолдо жатканын көрүшкөн. Патрулдук милиция кызматкерлери тез жардам кызматына чалышып, жабыркаган адамды аталган кызматка өткөрүп беришкен. Тилекке каршы денесиндеги жарааттары оор болгондуктан ал жаран Ош шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө каза болду.Ал 1970-жылы туулган Араван районунун Чек-Абад айылынын 1970-жылы туулган М.В. аттуу жаран болуп чыкты.

Кылмыштын бетин изи сууй электе ачышкан патрулдук милиция кызматынын кызматкерлери милициянын лейтенанты Садык уулу Адилет, милициянын старшинасы Шайыпбек Азизбеков жана милициянын старшинасы Сулейман Жаркынбаев.

Окуя болгон жерге тез арада башкармалыктын ыкчам тергөө тобу чакыртылып,окуя болгон жерге кароо жүргүзүлө баштаган. Алгачкылардан келген патрулдук милиция кызматынын кызматкерлери милициянын лейтенанты Садык уулу Адилет, милициянын старшинасы Шайыпбек Азизбеков жана милициянын старшинасы Сулейман Жаркынбаев ошол жердеги жарандарды сурамжылап отуруп, бул окуяга тиешеси бар адамдын жашаган жерин аныкташкан. Түнкү саат 01.00 чамасында ал шектүү жашаган үйгө кирген учурда ал үйдүн бир бөлмөсүнүн дубалдары кан болгондугу көзгө көрүнгөн. Бул үйдүн жашоочусу, бул кылмышка шектүү 1972-жылы туулган Н.Т. мас абалда болгон. Ал жасаган күнөөсүн моюнуна алып «Мен эски таанышым М.В. менен биргеликте ошол күнү таӊ аткандан тартып тартып экөөбүз арак ичип жүргөнбүз. Экөөбүз түнкүсүн бир тема боюнча тууралуу сөз кылып жатып айтыша кеттик. Мен үйдөн бир –эки жолу уруп, эшикке түртүп чыгардым. Анан тепкичтен түртүп жибергенимде экинчи кабаттан биринчи кабатка жыгылып түштү. Ошондо каттуу тийип калды окшойт. Тура албай калды эле. Мен көчө жакка сүйрөп барып, таштап келе бердим. Өлүп калат деп ойлобогонмун. Бул ишке арак күнөөлүү, өтө мас элем» деген көрсөтмөсүн берди. Оор абалдагы таанышына тез жардам көрсөткөн эмес.
Бул кылмышка шектүү 1972-жылы туулган, Ош шаарынын тургуну Н.Т. убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Кыргыз Республикасынын жазык кодексинин 138-беренеси (Адам өлүмүнө алып келген денеге оор залал келтирүү) менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө иштери жүрүп жатат.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button