«Кадам-медиа.кж» маалымат порталы редакциябызга келген каттарды жарыялоону улантабыз. Бул ирет, жаш кызы менен жалгыз күн кечирип жаткан айым кат менен кайрылган.

Саламатсыздарбы “Кадам медиа” сиздердин сайттан көп ирет эжелердин, кыздардын жазган тагдырларын окуп калам. Бул ирет мен да башымдан өткөн окуяны айтып бергим келди. Балким “күкүк аталарга”  алданбай, кыздарга сабак болор. Мен өзүм ата-апа мээримине зар болуп өстүм.  Окудум, иштедим, айтор өз киндигимди өзүм кестим. Турмушка быштым. Мактанбайм бирок дайыма түз жүрдүм. 20 га жаңы чыккан кезимде, чогуу иштеген бир байке биздин жаңы конуштардын бирине мектеп, бакча салып берип жаткан арап ишкери тууралуу айтып, эгер мен макул болсом, ал мага унаа, үй, ай сайын акча менен камсыздап тураарын, болгону мен ага экинчи аял болуу керек экенимди, эч ким менен сүйлөшпөй ай сайын ал Бишкекке келгенде жолугуп тураарын, мага нике кыйдырып аял кылып алаарын айтты.  Араптын кебетесин көргөндө “рахмат” дедим. 50гө таяп, атамдай болгон адамдын алдында уйпаланып жаткым келбеди.  Убакыт өтүп өзүбүздүн эле Нарындык жигитке турмушка чыктым. Чыныгы жашоо ошондо башталды. Көзүндө огу болсо атып ийчүдөй караган кайнене. Эч бир ич жылытар мамиле болгон жок. Күндөр өтүп кыздуу болдук. Төрөттөн кийинки депрессия болдубу же маңдайыма ошондой жазылганбы жолдошум экөөбүз такыр келише албай ажырашып тындык.

Азыр Бишкекте батирде турам. Тар бөлмө, килем үстүндө жөрмөлөп, кээде басууга аракет кылып каз-каз турган кызым экөөбүз. Тили жаңыдан чыгып алгачкы эле сөзү  “ата”  болду. Бирок, сенин ушул сөзүңдү ал азыр укпайт. Анткени башканын кучагында жашоонун ырахытын татып жаткан кербези. Ушундай адамдан жаралган айбандарга таң калам. Биринчи турмушу болбой калган экен, балким мени менен жакшы жашоо кечирет деген ой менен турмушка чыгып, биринчи аялы таштап кеткен уулун өз баламдан артык карадым. Көрсө кептин баары жолдошумда экен. Экөөбүз баш кошкондо биринчи аялын жамандап эле жатып калчу. «Кантсе да эки баланын апасы, сага эки эркек төрөп берди» дечүмүн. Мага дайым “кыз төрөп бер” дээр эле.

Мени кетирип, азыр өзүнөн эки жаш улуу аялга үйлөндү. Эми мени жамандап жатса керек.  Ушул кылыгын билип, биринчи аялдан эки бала, менден бир кыз атасыз өсүп жатканын көрүп ата-энеси да унчукпайт экен. Тескерисинче уулун коштоп, “ооба ал жаман болчу” деп башкага баш коштура берет экен. Эми бул аялын да төрөтүп качпаса болду.

Жашоода “күкүк аталар” деле болот тура. Мага эң башкысы, мени жалгыз таштабай кызды берген жаратканга ыраазымын…