Коом
«Ош» аэропортундагы туман ички-тышкы каттамдарды үзгүлтүккө учуратты
«Ош» аэропортун кечээтен бери коюу туман каптап турганына байланыштуу бүгүн, 5-январда, ички жана тышкы каттамдар кармалып турат. Бул тууралуу аталган аба майдандан билдиришти.
Аба ырайынын катаал шартынан улам токтоп калган рейстер:
- Бишкек – Ош – Бишкек («Тез Джет» авиакомпаниясынын 2 рейси);
- Ош – Бишкек («Авиа Траффик Компани» авиакомпаниясы);
- Москва – Ош – Москва («Аэрофлот» авиакомпаниясы);
- Москва – Ош – Москва ( «Урал авиалиниясынын» эки рейси).
Рейстер тууралуу маалыматтарды 0(312) 693109 же 0(3222) 90101 номерлеринен тактаса болот.
Булак: Спутник.кж