Канча адам болсо ошончо тагдыр болот эмеспи. Таштын деле тарыхы болгон сыңары, менин да башымдан өтүп жаткан окуяны баяндагым келди. Бешенеме ат тепкенби билбейм, бала кезден тартып эле бакыт эмне экенин билбей келем. Дегеним, эми гана 3-класска кирген кезде атамды жоготуп алдым, жөн гана оорудан эмес, түрмөдөн кайсы бир зөөкүр адам арматура менен башка чааптыр, байкуш атам ошону менен мүрт кетиптир. Мен аны кийин билдим, ошол өлтүргөн адамды азыр да тапкым келет, колумдун кыскалыгынан эле турам. Балким, бир күнү ал тилегим деле ишке ашып калаттыр…

Ошентип, атамдын азасын күтүп бүткүчө апам аркасынан кете берди, кыязы жалгыздыкка чыдабады окшойт. Анын үстүнө аты жаман дарт дагы алып кетпесе жаны тынбай койду. Аска-тоом урап эле, сиңдимди кучактап кала бердим. Андан бери не деген гана күндөрдү көрбөдүм, жакшысы жаманы, ачуусу таттуусу аралаш жылдардын агымында сүзүп отуруп жашым 30га таяганда турмушка чыктым.

Башында баары эле сонун болгонсуп жаткан, тилекке каршы ал жөн гана тасма ортосунда берилген жарнамадай болуп калды. Бараарым менен боюмда болуп, кубанычым койнума батпай жүрсөм, жолдошум ичкен сайын боюңдан алдыр дей баштады. Мен болсо караманча каршы болуп туруп алдым, ошентип кичинекей чүрпөлүү болдум. Төрөлгөндөн баштап 5 айына чейин ушунчалык ыйлаак болду, күнү-түнү ыйлаган баланы эч ким жактырбайт экен, энеден башка жан түтпөйт тура. Андайда кайыненем жадаткырды алчы, «оокатыңды кылбай эле кой» — деп зиркилдей баштады. Жолдошум экөөбүз күнүгө уруша баштадык, акыр аягы андай уруш ажыраштырып тынат экен.

Баардык  нерсеге чыдап жүргөн эже- сиңдилерге ушул учурдан пайдаланып айткым келет, ошондой учурларда сабырыңар жетээрине көзүңөр жетсе анда бакыт үчүн күрөшкүлө демекмин, а бирок сый, ишеним, сүйүү көрө албасаңар аркаңарды карабай качкыла деп айтаар элем. Анткени, жолдошуң бар, бирок бактысыз болсоң ал учурда экөөңөр тең кыйналат экенсиңер. Мен дагы экинчи жолду тандадым. Жалгыз бактылуу болууга бел байладым, мен кызым үчүн бактылуу болушум керек. Мына азыр арадан бир жыл өттү, мурунку жолдошум башкага үйлөнүп алган. А мен болсо карарган күнүмдүн  качан агарып атаарын күтүп келем.

Бул макала “Kadam-media.kg” маалыматтык порталынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.