ИИМдин аймактык бөлүктөрү бүгүн жаңы автоунааларга ээ болушту. Ички иштер министрлиги ИИОнун райондук бөлүктөрүнө милициянын көчмө кабылдамасы катары пайдалануу үчүн жабдылган эки автоунааны тапшырды.

2021-жылдын 7-январь күнү ИИМдин имаратында автоунааларды тапшыруу иш-чарасы болуп өттү. Иш-чарага ИИМдин башкы башкармалыктарынын, бөлүмдөрүнүн, ИИМдин Борбордук аппаратынын жана Чүй ОИИББдин кызматкерлери катышты.


Автотранспортторду салтанаттуу түрдө тапшыруу учурунда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын начальниги Сталбек Рахманов ИИМ коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо үчүн ИИОнун бөлүктөрүнүн материалдык-техникалык ресурстарына өзгөчө көңүл бураарын билдирди. Тапшырылып жаткан автотранспорттор милиция кызматкерлеринин алыскы райондорго чыгууларына, кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын санын азайтууга, анын ичинен үй-бүлөлүк зомбулукту, жашы жете электер арасындагы укук бузууларды алдын алууга жана түшүндүрүү иштер колго алууга жол берет. Бул кызматтык унаалар керектуу жабдыктар менен жабдылып, Чүй облусунун Панфилов жана Аламүдүн РИИБге жөнөтүлдү. Башында автоунаалар ИИМдин Каржы-чарба камсыздоо башкы башкармалыгынын эсебинде турган.

Милициянын көчмө кабылдамасы социалдык органдардын жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен тыгыз иштешип, жеринен арыздарды кабыл алышап, тиешелүү чараларды көрүшөт. Ай сайын жер-жерлерге чыгууларынын графиги түзүлүп, ал аймактык ИИОнун жетекчилиги менен жкргиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары таратынан бекитилет.

ИИМдин Басма сөз кызматы