Блогер блок

Апама өчөшүп атамды үйлөнтүп салдым

Бул окуяны эстеген сайын өзөгүмдө өрт жанат.  Жокчулук эмнени гана кылдырбайт. Бирок ошол эле кезде, акча, байлык адамды бузат экен. Жада калса жанындагы баласы да көзгө көрүнбөй, башканы, болгондо да тажикти ээрчип кетет деген кандай?

Атам менен апам Дордойдо тамак, чай сатып иштеп жүрүштү. Үйдүн улуусу мен. Карындаштарым бар. Мен окууну бүтүп, тапканыбыз күнүмдүк жашоодон артпаган соң Россияга апам экөөбүз иштегени кеттик. Бир жылдай курулушта иштедим. Апам болсо кафеде идиш-аяк жууйт. Айлыктарыбызды чогултуп атама салабыз. Ал мал алып карап жаткан. Россия суук, бир батирде тогуз киши жатабыз. Күндөрдүн биринде биздин кошуна бөлмөгө тажиктер келишти. Кухнябыз бир, чай ичкен кезде кээде жолугушуп калабыз. Башында аларга анча маани берген эмес элем. Кийинчэрээк бирөөсү апама көз артып жүргөнүн байкап калдым. Акыркы күндөрү апам өзүнө карап, сулуу болуп, боенуп, жаңы көйнөк сатып ала баштады.

Түндө түшүмдөн чочуп ойгондум, дароо эле апам жаткан жерди карадым. Апам жок. Кухняга суу ичкени чыксам, ванна жактан үн угулат. Денем дүркүрөп кызыктай боло түштүм.  Жүрөгүм башкача согуп, уйкум ачылып, кухняда ванна жакты карап отура бердим. Он беш мүнөт өткөн соң, апам менен бир тажик чогуу чыкты. Атып туруп колума бычак алып тажикке такадым. Апам кыйкырып жиберди. Чогуу жашаган байкелер туруп келишип, мени кучактап, тажикти уруп киришти. Айтор ошол түнү, ый, чуу, кыйкырык менен өттү.

Эмне кылаарды билбей, төшөккө барып куладым. Апамды карап да койбодум. Таң атып күн чыгып калганда баары жумушка кетишти. Мен жата бердим. Апам акырын басып келип башымдан сылап, “балам атаңа айта көрбө, бул тажиктин акчасы көп, бизге үй алып берет”, – деди. Унчукпай тескери бурулуп жатып алдым. Эмне деген айбанчылык, эне деген ыйык туткан адамым, түнкү көрүнүштү ойлогон сайын дене боюм дүркүрөйт. Капчыгымды карасам, акчам аз экен. Эшикке чыгып атама чалдым, баары жакшы экенин угуп, атама мени тосуп ал мен баратам дедим.

Атам эч нерсе түшүнбөй кала берди. Ошол күнү кийимдеримди чогултуп, атама келе бердим. Аэропорттон атамды кучактап, ыйлап жибердим. Атам дароо апамды сурады, “эмне болду баары жакшыбы, апаң кана эмне болду?”, – деген суроолорду жаадырды.

Баарын айттым, атам башын жерге салып, “экөөбүздү апаң тирүүлөй көмгөн турбайбы”, – деди.

Түз эле таенеме бардык. Таенем акылдуу аял. Оор үшкүрүп, ойлуу отурду.  Арадан бир жума өткөндө таенем атама башка аял алып берели деди. Мен макул болдум. Атам “балам сен үйлөн жашыңда келип калды” дегенине көнбөдүм. Таенем өзү жакшы бир эжени үйгө алып келип, өзү жолук салып отургузуп кетти.

Андан бери арадан 5 жыл өттү, апамдан кат кабар жок. Ушунчалык жүрөгүмө катуу тийген экен, эркектин кызганычы жаман болот окшойт. Дагы деле өзүмө келе элекмин. Отуруп ойлоном, балким биздин чиновниктер жеп ичпесе, өлкөнү тонобосо, биз темселеп чет жакка барбайт элек. Карындаштарым эч нерсени түшүнбөй тирүү туруп эне мээримине зар болбойт беле? Апам деле алданды байкуш, бирок он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек кыздарчы? Россияда, аялы балдары Кыргызстанда жашап,өздөрү үйлөнүп алгандары канча.

Атам 30га жакындап калдың үйлөн дейт, мен аялзатынан көңүлүм катуу калганбы, үйлөнгүм келбейт. Жүрөгүмдө апам калтырган так, бүтүндөй аялзатын жаман көрсөтүп салды. Кечире албай келем. Кандай кылсам, эмне кылсам мен бул кайгыдан кутулам…

Бул макала «Kadam-media.kg» маалыматтык порталынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button