Кыштын ызгаардуу суук таңында чакан бир айылдын балыкчылары бир нече кайыктар менен деңизге бет алышты. Ошол күнү түштөн кийин катуу бороон күчөп, балыкчылар үйлөрүнө кайта албай калышты. Түн кирди. Айыл тургундары кыжаалат болушуп уктабай алардын жолун карап, аман-эсен кайтып келүүлөрүн сурап дуба кылышат эле.
Түндөсү кайгы үстүнө дагы кайгы болуп, бир үйдөн өрт чыкты. Эркектер жок, аялдар, балдардын, колунан эмне келмек эле?.. Өрттү өчүрө алышпады, бүтүн башту үй толугу менен күйүп кетти.
Тынчсызданууга толо болгон түн да өттү. Эртең менен деңиз тараптан кайыктар пайда болду. Аман-эсен кайткан кайыктар жана уучуларды айыл эли жылуу тосуп алышты. Алардын арасында жалгыз гана бир аял, канчалык сүйүнбөсүн, анын жүрөгүндөгү капалык жүзүнөн көрүнүп турат эле. Бул үйү өрттөнүп кеткен балыкчынын аялы эле, ал-абалын сурагандан кийин, болгон окуяны айтты:
– Бар жогубуздан айрылдык.
Үйүбүз күйүп кетти…
Эри аялын таң калтырып мындай жооп кайтарды:
– Ар иште бир жакшылык бар.
Үйүбүздөн көтөрүлгөн оттун жарыгында биз жолубузду аныктап алдык жана баарыбыз аман-эсен кайтып келдик.
Интернет булактарынан алынды.