ЭМНЕНИ БЕРСЕҢ – ДЕМЕК, АЛ СЕНИКИ
«Эсимде, бир жолу кичинемде атам экөөбүз циркке кирүүгө билет сатып алуу үчүн кезекте туруп калдык.
Алдыбызда бир үй-бүлө бар эле. Жана алар мага өзгөчө таасир калтырды.
12 жашка жете элек 8 майда балдары бар чоң үй-бүлө турган. Алардын кийимдерин карап жетиштүү жашаган үй-бүлө деп айтууга болбойт эле. Антсе дагы, кийимдери таза жана тыкан болчу.
Балдар өздөрүн токтоо алып, ата-энесинин аркасында экиден болуп кол кармашып турушкан, жана көздөрү күйүп, толкунданган абалда, эми көрө турган клоундар, жаныбарлар, башкалардан угушкан укмуш көрүнүштөр тууралуу жандуу сүйлөшүп жатышты.
Алардын мындай кебетелеринен циркте мурда болушпаганын түшүнүүгө болот эле. Ал күн бул балдар үчүн эң чоң майрам болчу.
Үй-бүлөнүн башында ата-энеси дагы кубануу менен турушкан. Апасы күйөөсүн колтуктап, улам жылмайып карап коёт. Чоң үй-бүлөсүнө бакыт тартуулаганы турган атасы менен сыймыктанып жаткандай. Ал болсо күлүмсүрөп, аялы менен бирге балдары түгөл бактылуу болуп тургандыгына курсан эле.
Анан, кассада отурган аял канча билет керектигин сурап калды. Атасы маанайы көтөрүңкү абалда «Бизге балдар үчүн 8 билет, чоңдор үчүн 2 билет керек эле» деп жооп берди. Кассир аял баарын эсептеп чыгып, баасын айтты.
Айтаары менен колтуктап турган апасынын колу бошоп, башы ийиле түштү. Атасы дагы мындайды күтпөгөндөй дароо жүзү өзгөрүлүп, эмне кылаарын билбей калды. Кассага жакын болду да, «Канча дедиңиз?» деп кайра сурады. Кассир аял жанакы бааны кайрадан кайталады.
Бул кишинин акчасы жетпей калды. Мурда-кийин циркке келип көрүшпөгөндөн кийин баасы мынча кымбат болоорун билбесе керек.
Эми, көздөрү күйүп, эчактан бери самап келген балдарына бурулуп, циркке кирүүгө акчасы жетпей калганын кантип түшүндүрө алат.
Эмне болуп жатканын менин атам дароо түшүнө калды. Чөнтөгүнө колун салып, билетке деп даярдап турган акчаны чагарды да жерге таштай салды. (Биз өзүбүз деле байлардан эмес элек.) Атам кайра эңкейип акчаны алды дагы, ал кишини ийинге таптап «Кечиресиз жолдош, акчаңыз жерге түшүп калды» дей калды.
Ал киши баарын түшүндү. Кайырчы адам катары көрүнгүсү келген жок, бирок, чоочун адамдын жардамына бул оңтойсуз кырдаалда муктаж болчу.
Ал менин атамдын көзүнө тик карап, эки колу менен сунулган колду бекем кысып, өтө ыраазы болгон абалда акчаны алды. «Чоң рахмат, чоң рахмат тууганым». Эрини титиреп, көзү жашылданып кеткени байкалып турду. «Бул жардам мен жана менин үй бүлөм үчүн аябагандай маанилүү».
Атам экөөбүз унаабызга отурдук дагы үйүбүзгө кайттык. Атамдын берген акчасын өзүбүзгө билет алуу үчүн камдап койгон элек. Ашыкча деле акчабыз жок болчу. Ал күнү биз цирктеги укмуштарды көрө албасак дагы, экөөбүз тең жүрөгүбүздөгү өтө терең сүйүнүчтү сезип турдук. Ал сүйүнүчтү цирк дагы, башка эч бир нерсе дагы тартуулай албайт болчу.
Ошол күнү мен бергендин баалуулугун түшүндүм.
Берүүчү алуучудан жогору экенин, эгерде жашоодон ырахат алууну кааласак, жүрөгүбүздү сүйүнүч менен орогубуз келсе муктаж адамдардын муктаждыгын бүтүрүп, аларга бактылуулук тартуулоо керек экен. Мына ушул иш адамдарды дагы, өзүңдү дагы жана Жаратканды дагы ыраазы кыла турган чыныгы чоң иш тура.
Садакадан байлык азайбайт, бирок, муктажга сүйүнүч тартуулап, жүрөгүнөн чыккан батасына ээ болосуң. Андыктан алганды эмес, бергенди үйрөнөлү».
ӨЗҮҢДҮ ӨНҮКТҮР, бийиктиктерди багындыр…..