Курал менен Кайрат министр Нуржигит Кадырбековго рахмат айтса болот.
Эмнеге? 1-ден баарыбыз жерип, тепкилеп, тилдеп жатканда эле алар үчүн элден кечирим сурап, аларды кечирүүгө элди чакырган, 2-ден принципиалдуу түрдө чара көрөбүз деп, ведомстволук сыйлыгын жокко чыгарганы, кылмыш кылып койгон баланы күйөөсү жазаласа, боору ооруп кетип, өзү ачуусу келип жаткан апа ортого түшкөндөй, элдин аёо сезимин ойготту да. Эми баарыңар боору ачып калганга таңмын. Мен министр болгондо, министр эмес, эркек бала болуп калганда мойнун үзүп алсам керек эле. Тамчы таамп дубалды ураткандай, ушундай безерилердин бей адеп жооругу элди жок кылат.
Министрликтин колу кыска болбосо, менин талабым башкача болмок.
Айтмакчы Министр Кадырбеков обу жок ырчылар үчүн кечирим сурады, чын эле бийик киши экен эй.
Сезимай Жунусова