Блогер блок

«Ким өз жеринен жакшы нерсени таба албаса, баалай албаса – ал чет жерден да жакшы нерсе таба албайт»

«Жан дүйнөң жакыр болбосун» (Ой толгоо)
Бир кыштакка бөтөн айылдан бир жигит келди. Булактын жанында чарпая курулган эле, чарпаяда аңгеме куруп абышкалар көп олтурчу. Бөтөн жигит булактан суу ичип, эс алып жаткан карыядан минтип сурады:
— Бул жерде кандай адамдар жашашат?
—А сен келген жакта кандай адамдар жашашат? — деп сурады карыя.
— Мен келген жерде топтолгон эгоистер, жаман ойлуу адамдар көп, — деп жооп берди жигит.
— Аа, аларга окшогон адамдарды бул жерден да табасың, — деди абышка.
Ушул эле күнү айылга дагы бир бөтөн жигит пайда болду. Ал да булактан суусунун кандырып, эс алып жаткан абышкадан сурады:
— Айтыңызчы, бул жерде кандай адамдар жашашат?
— А сен келген жакта кандай адамдар жашашат? — деп,жигиттин суроосуна суроо менен жооп берди абышка.
—Бизде чынчыл, меймандос, достукка бекем мыкты адамдар жашашат.
Алар менен коштошуу мага оор болду, — деп жооп берди жигит.
— Ушундай эле жакшы адамдарды бул жерден да табасың, — деди абышка.
Ошол эле чарпаяда эс алып жаткан, карынын жообун уккан бир адам мындай деди.
— Кантип бирдей эле берилген эки суроого, эки башкача жооп бердиңиз?
— Ар бир адам өз жүрөгүндө, жан дүйнөсүндө эмне жөнүндө ойлосо ошону көрөт.
Ким өз жеринен жакшы нерсени таба албаса, баалай албаса — ал чет жерден да, бул жерден да жакшы нерсе таба албайт, — деп жооп берди карыя.
Эгерде бизге бизди курчаган чөйрөдөн бир нерсе жакпаса, бизге ал чөйрө эмес, ошол чөйрө жөнүндө ой толгообуз капа кылат.
21.01.19. Кара-Көл шаары.
Автор Саидмурад Давлетов.
Орус тилинен которгон: Токтокан Чокоева.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button