Блогер блок

Апам менен атам иним экөөбүздү таштап кетишти …

Жума күн. Жумуштан суранып жума намазга бардым. Намазды окуп болгон соң, маршрутка чыгып үйгө сапар алдым. Эң арткы орундукка отурдум.  Бурчта 5 же 6-класста окуган бала отуруптур. Эмнегедир маанайы жок. Көзүнөн ыйлаганы көрүнүп турат. Бир мезгилде телефонуна бирөө чалды. “Кайсы жерде келе жатасың”, – деп сурады окшойт бала кыска гана “баратам” деп жооп берди.Баланын маанайы жоктугун көрүп, жүрөгүм эч жай албады.  Акырын ылдый болуп атын сурадым. Нурбол деди. Дароо эле эмнеге капа экенин сурап жарасын жаңырткым келбеди. Эмнеге кызыгаарын, кай жерде жашаарын сурадым. Көңүлсүз баарына жооп берип жатты. Телефонун карап баратты. Бир мезгилде Жеки Чандын сүрөтү чыгып калды. Сен да жакшы көрөсүңбү ушул актерду. Мага да  жагат. Мунун бала чагы аябай кыйын өткөн. Жаш кезинен атасы Кунг-фуну үйрөтүп таң заардан туруп машыктырчу экен. Мектепте такыр сабак окубай, тентек болуптур. Атасы анан атайын Кытай Драма Академиясына берет ошол жактан көп нерсени үйрөнүп чыгат. Брюс Линин киносуна каскадер болуп тартылат-деп Жеки Чан тууралуу билгендеримди айтып бердим. Нурбол да кызыгат экен аябай кунт коюп укту. “Сиз мунун баарын кайдан билесиз?” – деп сурады. Интернеттен окугам деп күлүп койдум.

Баланын бир аз көңүлү ачылгансыды. Акырын Нурбол сенде баары жакшыбы? Эмнеге ыйладың, эмнеге мынча капасың дедим. Ал терезени карап, көзүнө жаш тегеренип “апам бүгүн башкага турмушка чыгып жатат” – деди. Эмне деп баланы соороторумду билбей турдум. Чын. Мен балким балдар менен уруша кетсе керек, бирөө капа кылгандыр деп ойлодум, бирок баладан мындай жооп күткөн эмес элем. Тамагымди бир нерсе каттуу кырып өттү. Элестетип кеттим. Эң жакын адамың, сен баарынан бийик көргөн адам сенден башкага кетип жатканын.  Акырын башынан сылап, сен ага капа болбо, балким апаң жакшы болоорун билип ошол жолго барып жатса керек да – дедим.

Жок байке, жакшы эмес, менин иним да бар. Иним төрөлгөң кезде атам менен апам ажырашып кетишти. Атам жада калса кичинекей инимди көргөн эмес. Апам болсо иштейт. Ошол жумушунда бир байкеге турмушка чыгам деп жатат. Кечинде апам менен таенемдин сүйлөшкөнүн угуп калдым. Таэнем каршы болду. Урушту, апам болбой койду.  Атам болсо Россияда  башкага үйлөнүптүр. Сен да башкага тийсең балдардын убалы кимге, тие турган эриңдин да балдары бар турбайбы?  Аның сага чейин эки аял кетириптир. Эки аялдан  баласы бар экен.Ортодо  балдар тирүү жетим калат деди. Апам мен ошол адамга турмушка чыгам деп туруп алды. Экөөсү катуу урушту. Мен баарын уктум.Апама биз иним экөөбүз керек болбогон үчүн, атам экөө бизди таштап кетишти да. Ошого капа болуп жатам-деди. Угуп туруп менин да көзүмө жаш тегеренди.

Азыркы жаштар кандай жолдо баратат түшүнүү кыйын. Бала жаш болгону менен баарын сезип туят турбайбы? Баланын шагы сынды. Келечекке эмитен шагы сынып, жашоосуна нааразы болгон балдарды жетелеп баратабыз. Акырын Нурболдун колунан катуу кармап, сен жигитсиң, кыргыздын кулунусуң. Апаң баарын ойлогон чыгар. Балким анын өзүнүн чындыгы бар чыгар. Сен капа болбо, балким баары сен ойлогондон жакшы болоор дедим.

Нурбол мени карап, биз иним экөөбүздөн ошол байкени артык көрүп кетип жаткан апама катуу таарындым. Бирок, апам бизге таарынып кетип жатабы билбейм?  Таенем эч кимге билгизбей ыйлап жатат. Иним кичинекей да апамды сагынат да  деп үнү каргылдана түштү.

Аны башынан сылап, жакшы сөздөрдү айтып алдаган болдум. Үйгө жакындап калгандыктан Нурбол менен коштошуп алдыга жылдым. Бирок тамагыма тыгылган катту нерсе кетпей койду. Маршруттан түшүп, көзүмө топтолгон жашты сыдырып алдым. Үйгө жеткенче ойлондум. Азыр жаштарга акча, байлык, “төшөктөн” башка нерсе көздөрүнө көрүнбөй калганбы. Бири-бирине өчөшүү менен балдардын тагдырын талкалап жатышпайбы. Нурболдун апасы ошол тийген күйөөсү менен бактылуу өмүр сүрөт деген кепилдик эч жерде жазылган эмес. Балким бул тагдыр, арадан жылдар өтүп, апасы кайрылып келсе, кезинде канаты сынып, “апа” деп ыйлаган, мээримге зар болгон балдар, карыганда апасын карайт деп ким кепилдик берет? Ал кызды деле түшүнүп турам, жолдошу башкага баш кошсо, өчөшүп кек сактап калса керек. Бирок балдарда эмне күнөө?

Автору  Жазгүл  Баяналиева

 Бул макала “Kadam-media.kg” маалыматтык порталынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button