Блогер блок

Келгиле, аял жөнүндө сөз кылалы! Күйөөсүнө таасир эте албаган аял – бул каз

Аял — бул жашоонун кубанычын чагылдырган жан!
Аял — бул дүйнөгө эркектин жашоосун кубанычка толтуруу үчүн, балдарынын өмүрү, келечеги үчүн күйүп, сүйүп, бапестеп, туура тарбия берип, коомду өнүктүрүү үчүн келген жан!
Аял жашоого кубаныч жана жылуулук тартуулайт!
Аял — жан, эркек — ​​рух.
Аял — бул назик, аял — бул сүйүү!
Келгиле, аял жөнүндө сөз кылалы!
Күйөөсүнө таасир эте албаган аял — бул каз.
Ага таасир эткиси келбеген аял — олуя. Күйөөсүнө күлгөн аял аны сыйлабайт, сүйбөйт.
Аял — бул кесип, жүрөк жана эне.
Эне мээриминен өткөн ыйык, жан аябас нерсе жок.
Аял сенин көлөкөңө окшош:
сен анын артынан барасың — ал артка чегинет;
сен андан алыстайсың — ал сени ээрчип жүрөт.
Аял — бул тең салмактуулук, гармония, бейпилдик. Ушундай аялдар бар, алар бөлмөгө киргенде, бардыгы жаркырай түшөт — ызы-чуу балдар сыпайы болуп, мырза болуп калышат! Капалуу үй, кубанычка айланат!
Кара мүртөз эркектин мүнөзүн, кырчындай күчтүү мырзага айлантат!
Аял өзүнүн иш-аракеттери, сүйлөгөн сөзү, ойлору, көз карашы жана сырткы көрүнүшү менен дал ушул гармонияны — үй-бүлөдөгү мамилелердин гармониясын, жана жакындары үчүн тынчтыкты, бакытты кура алат.
Аял деген маанай.
Психологдордун айтымында, аялдардын мүнөзү бат өзгөрөт.
Назик, боорукер, алсыз, ошол эле убакта
күчтүү, эрктүү, кайраттуу!
Аял — эргүү.
Аялдардын интуициясы, назиктиктин сезими!
Башка адамдардын жүрөгүнө жол таап, жакындарын керектүү жетишкендиктерге, ийгиликтерге шыктандыра алат.
Бирок аял реалдуу болуп, кырдаалды туура баамдап билүүсү керек.
Аял — сабырдуу, токтоо болуусу керек.
Ар бир күчтүү эркектин артында күчтүү аял турат — демекчи, ар дайым коомду өнүктүргөн, балдарына татыктуу тарбия, мээрим бере алган, жолдошун түшүнгөн жүрөгүнө жол таба алган билимдүү, акылдуу, зирек айымдарыбыз көп болсун!
Которгон: Жайнагул Абдирасулова

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button