Коом

Коронавирус илдети 79 адамдан аныкталып, 5 бейтап каза тапты

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 79 адамдан табылып, 5 адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык жуктургандар аймактар боюнча:

Бишкекте – 32,
Ош шаарында – 2,
Чүй облусунда – 4,
Нарын облусунда – 1,
Жалал-Абад облусунда – 2,
Талас облусунда – 1 .

Коронавирустан жалпы 1 миң 431 жаран көз жумган. Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте – 3, Ош облусунда – 1, Чүй облусунда – 1 адам каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 459 бейтап, амбулатордук түрдө 572 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 85 миң 113 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 81 миң 714 киши айыгып чыкса, 1 миң 431 адам каза болду.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button